Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Июнь: куралдар кантип таркатылган?


Коогалаңдан кийин чогултулган куралдар, 24-июнь, 2010-жыл, Ош шаары
Коогалаңдан кийин чогултулган куралдар, 24-июнь, 2010-жыл, Ош шаары

Июнь коогалаңында таланып кеткен курал-жарак, ок-дарылардын жарымынан көбү мамлекетке кайтарылган жок. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюму билдирди.

Калган курал эл колунда болушу мүмкүн жана бул өлкө үчүн чоң коркунуч туудурат дешет уюмдун өкүлдөрү.

Уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, изилдөө өткөн жылдын сентябрына чейин жүргүзүлгөн. Ошондогу эсеп боюнча Ош жана Жалал-Абад облусунда 10-15-июндарда таланып кеткен курал-жарак, ок-дарылардын саны ушунча:

- Бардыгы болуп 278 ок атылуучу курал, 4 аскер техникасы жана 43 045 даана ок-дарылар эл колуна өтүп кеткен. Ошол ок атылуучу курал, аскер техникаларынын 136сы кайтарылып берилип, 146сы колдо калып атат. Ал эми ок-дарылардан 16 701 даана кайтарылып, эл колунда 26 344 даана калып атат.

Өткөн сентябрдан бери дагы канча курал кайтарылганы уюмга маалым эмес. Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, алар да маалыматты тактап бере алышкан жок.

Азиза Абдрасулова
Азиза Абдрасулованын отчетунда курал-жарактарды тартып алуу фактысынын 18и күч менен ишке ашырылса, 7 факты боюнча аскер кызматындагылар куралдарын өздөрү талоончуларга өткөрүп беришкендиги айтылат.

Алар, мисалы, Төө Моюн, Карамык автожол, Кызылжар, Ынтымак жана башка чек ара бекетинин аскер кызматкерлери. Ал тургай Майлы-Суу шаарында шаар мэри өзү киришип, элге курал берүүгө аралжы болгон дейт Абдрасулова:

- Чоң масштабдагы курал Майлы-Суу аскер бөлүкчөсүнөн кеткен. Ал жерде жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчылары, ошол эле убакта Тогуз-Торо районунун мурунку прокурору Талант Мамытов деген жигит кошо келген.

Булар тизме менен 26 автомат жана 2160 ок-дарысы менен алып кетишкен. Ок дарылар кайтарылган эмес, автоматтардын 24ү кайтарылган.


Азиза Абдрасулова Талант Мамытов учурда Жогорку Кеңештин депутаты экенин белгиледи. “Азаттыктын” бул боюнча Мамытов байланышууга болгон аракетинен майнап чыккан жок.

Жаңылоо зарылдыгы

Ал эми коргоо министринин 1-орун басары, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Таалайбек Өмүралиев Коргоо министрлигинин жоокерлери куралдарын тарттырып жибербей сактап калууга ошол кезде мүмкүн болбогонун айтат. Ал кездеги мүчүлүштүктөр кайталанбашы үчүн учурда коргонуу жаатында иш-чаралар көрүлүп жатканын да кошумчалады.

- 1 БТРде он кишиден 3 БТРде 30 киши болот. Отуз кишиде 120дан эле ок бар. Алар тегерегиндегилердин баарын атса да огу жетпейт болчу. Мушташса да күчү жетпейт болчу. Алып кала алышмак эмес.

Кайтаруу уставдарыбыз бар, гарнизондук караулдук кайтаруу боюнча. Ошолорго өзгөрүү киргизип жатабыз. Башка чаралардын баарын көрүп атабыз. Эми андай басып алуулар болбойт деп ойлойбуз. Анткени биз ушул жылы, 7-апрель, 10-июнь боюнча баарын анализдеп көрүп, көп системаларга өзгөртүүлөрдү киргиздик.

Мындан сырткары, куралдарды тартып алууга жол берген аскер кызматчылары тийиштүү жазаларын алганын, ал эми качып кеткен офицер учурда издөөдө жүргөнүн учкай айтып өттү.

Ошондой эле полковник Өмүралиев армия, дегеле аскер күчтөрү жардамга муктаж экенин, жоокерлердин жоо кийимдеринен тарта, курал-жарактарына чейин жаңылоо зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет таланып кеткен курал-жарактарды кайтарып алуу үчүн аларды өз ыктыяры менен алып келгендерге акчалай сыйлык берилерин жарыялаган.

Баш прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев сыйлык өлчөмү аз болгондуктан куралдардын тегиз кайтарылышынан күмөн санайт.

- Тапанча кайтарып берсеңер 1000, же 2000 сом. Автоматты кайтарып берсеңер 3 миң сом. Бул ата аз сумма. “Черный рынок” деп койобуз, ал жакта автоматтын баасы өтө жогору. Угушубуз боюнча бир даанасы миң доллардан 3 миң долларга чейин.

Бирок курал талагандардын бири да жоопко тартылбаганын белгилеген укук коргоо уюмунун өкүлдөрү сыйлыкты жогорулатууга каршы. Мындай шартта курал-басып алуу өнөкөткө айланып кетиши ыктымал дешет алар.

XS
SM
MD
LG