Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Улуттарды кайраштырган сайттар


Жакында эле "Чөөнүн мөртү" аттуу китеп да жарык көрдү.
Жакында эле "Чөөнүн мөртү" аттуу китеп да жарык көрдү.

Июнь коогалаңынын бир жылдыгына карата улуттар аралык касташууга чакырган интернет сайттары жандана баштады.

Алардын бири - кайсы өлкөдө катталгандыгы белгисиз Yangidunyo.com сайты Дадахан Хасан деген лакап аты бар өзбек ырчысынын сүрөттөр менен коштолгон чагымчыл ырын жарыялады.

Кыргызстандын атайын кызматтары мындай иш-аракеттерге бөгөт койула тургандыгын убада кылышууда.

Ыр чырга чакырганда


Аталган интернет сайтка жайгаштырылган бул ырдын мазмунунда июнь коогасы боюнча бүтүндөй бир улут гана айыпталып, ал “мыкаачы-зулум” таризинде сүрөттөлгөн.

Бул ырды коштоп, өткөн жылы 7-апрель жана июнь айындагы адам курмандыктарынын сүрөттөрү колдонулган.

Оштук серепчи Руслан Ташанов бул материалдын мазмунунда ачык эле кайраштыруу аракеттери бар экендигин белгиледи:

Карапайым калк тынчтыкты самайт
- Мына ошол өздөрүнүн арам ойлорун музыкалаштырып, анын таасир этүү деңгээлин көтөрүп, жогорку сапатта иштеп чыгышкандыгынан эле мунун артында чоң күч тургандыгын байкоого болот.

Негизинен ал анча-мынча көп аңдай бербеген каны кызуу жаштарга багытталган. Анда ачык эле өч алууга чакырык ташталып, адамга психологиялык басым көрсөтүү аркылуу анын аң-сезимине таасир этүүгө ылайыкташтырылгандыгы көрүнүп турат.

Бул эми чагымдын кадимки классикалык үлгүсү. Муну толугу менен улутчул-экстремисттик маанайдагы материал катары таанууга толук негиз бар.


Ким колтукка суу бүркүп жатат?


Мына ушуга окшогон мазмундагы материалдарды тынымсыз жарыялап келе жаткан интернет сайтынын кайсы жерде катталгандыгы белгисиз. Анын өзүндө аталган долбоордун авторлору да көрсөтүлгөн эмес. Бирок ырдын автору катары тааныштырылган Дадахан тууралуу интернет булактарында 2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин анын Өзбекстандан сыртка чыгып кеткендиги боюнча гана маалымат берилген.

Коопсуздук органдарынын полковниги Талант Раззаков муну улутчул-экстремисттик топторду пайдаланышкан чет элдик атайын кызматтардын көмүскө аракеттери катары баалады:

Коогалаңда турак-жайынан ажырагандар үчүн чатырлар
- Мунун бардыгы жөн эле жасалбагандыгы көрүнүп турат. Мына ушундай көрүнүштөр аркылуу айрым бир чет элдик атайын кызматтардын Кыргызстанга карата диверсиялык аракеттери улантылып жаткандыгын түшүнсөк болот.

Бул “Чөөнүн мөртү” сыяктуу эле өздөрүнүн ким экендигин жашырган күчтөр кайсы бир интернет булактары аркылуу тымызын эки элдин ортосуна бүлүк салууга кайрадан чок таштап жатат. Буга эми былтыркы июнь окуясынын жылдыгынын жакындап калгандыгы да себеп болушу мүмкүн.


Өткөн жылкы 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргызстанда интернет тармагына көзөмөл жоюлган. Мына ушуга байланыштуу ар кайсы мазмундагы жана ар түркүн домендеги интернет баракчаларын ачып окуу Кыргызстанда кыйынчылыкты жаратпайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов домендери чет өлкөлөрдө жайгашкан чагымчыл интернет сайттарына бөгөт койууда кыйынчылыктар бар экендигин жашырган жок:

- Былтыркы июнь коогасынан кийин экстремисттик жана террористтик уюмдардын таасирине кирип кеткен биздин айрым бир жарандар өлкөнүн сыртында туруп алып мына ошондой аракеттерин көрүп жаткандыгы бизге мурдатан эле белгилүү.

Мындай чагымчыл иштерге карата аларга бөгөт коюуга бизде кээ бир учурда мүмкүнчүлүктөр болот. Бирок андай интернет сайттардын домендери чет өлкөлөрдө болсо бир кыйла татаал. Анткени интернет тармагынын бардыгын көзөмөлдөштүн өзү мүмкүн эмес.


Буга чейин Кыргызстанда “Чөөнүн мөртү” деген аталыштагы китеп, видео тасмасы менен таркатылып жаткандыгы катталган. Ошол эле учурда мындай мазмундагы материалдар интернет аркылуу таркай баштагандыгы парламентте талкууга алынып, андай маалымат булактарын жабуу маселеси көтөрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG