Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Уюшкан кылмыш топтордун эки анабашы кармалды


"Азаттыктын" архивиндеги сүрөт.
"Азаттыктын" архивиндеги сүрөт.

Криминал авторитет атыккан Камчы Көлбаевдин эң жакын шакирти - Азамат Шаршенов (Протест) жана Байыш Сакеев колго түштү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди.

- Көлбаевдин эң жакындарынын бири Азамат Абдыбекович Шаршенов, “Протест” деген кличкасы бар, кармалды. Ал Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынан, мурда бир нече жолу соттолгон. Аны менен кошо Сакеев Байыш Дүйшөнкулович кармалды. 1964-жылкы, бул да мурда бир нече жолу соттолгон. Каракчылык кылганы үчүн Аламүдүн ИИБ тарабынан издөөдө жүргөн. Бул экөө Чыгыш-5 кичи районунан кармалды.

- Мелис мырза, булар кандай жагдайда кармалды, милиция аларды кармоо боюнча атайын операция жүргүздүбү?

- Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери жүргүзгөн атайын операциянын натыйжасында болду бул кармоо. Шаршенов Азамат 2009-жылы милицияга кол салууга катышкан. Ысык-Ата районунун территориясына милиция кызматкерлерин алпарышып, куралдарын жана акчаларын тартып алышкан. Мына ошол үчүн Кыргыз Республикасынын Жаза Кодексинин 168-беренеси боюнча иш козголуп, издөөдө жүргөн. Атайын операциянын натыйжасында Чыгыш-5 кичирайонунда ижарага алынган квартирада жашап атышкан жеринен кармалышты.

Үйлөрүн тинтүү учурунда Азамат Шаршеновдон “Макаров” тапанчасы табылды. 7-апрелде болгон окуяда Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринен жоголгон курал экен. Ал эми экинчисинен мылтык табылды.

- Уюшкан кылмыштуу топтордун кармалбай дагы канча башчылары издөөдө жүрөт?

- Биз Интернетке, ММКка бардык маалыматтарды бергенбиз. Издөөдө жүргөн бир нече кылмышкерлер бар Көлбаев, Анапияев сыяктуу. Андан сырткары Жумагулов Чыңгыз, Касенов Адилет деген эң жакындары бар. Мына кармалган экөө дагы Камчыбек Көлбаевдин, Анапияевдин жанында жүргөндөр. Аталган экөөнү издөө иштери да жүрүп жатат, аларды кармоо боюнча иштердин аягына чыкканга аракет кылабыз.

XS
SM
MD
LG