Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

"Камчы Көлбаев чек арадан 50 жолу өткөн"


Гезиттерде “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчы Көлбаев, бажы кызматын жетектеген Орусиянын жараны К.Кулматов, Шайлообек Дүйшеевдин шаң кечеси жана башка макалаларга орун берилди.

"Дело №..."

Гезитте "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаев, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовдун сабалган жардамчысы Нурдавлет Нурмамат уулу, белгисиз бирөө токмоктогон "Алмаз" радиосунун кабарчысы Назгүл Кушназарова, Кыргызстандын бажы кызматын жетектеген Орусиянын атуулу Кубанычбек Кулматов, "Мегаком" компаниясынын бүтпөс ыр-чыры, Кыргызстанга кыйын кырдаалда жардам берип, кол сунган чех жарандары, дүр-дүйнө мыкчыган миллиардерлер, "кандай бийлик болсо да ээрден түшпөгөн" Руслан Тойчубеков жана башкалар тууралуу макалаларга орун берилди.

Гезит Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 77 мүчөсү кармалып, аларга кылмыш иши козголгонун баяндайт.

"Мындан 5 жыл мурда да Камчы Көлбаев ушундай тагдырга туш болгон. Анда ал тартип коргоо органдары менен Рыспек Акматбаевден качып, жашырынган",-деп жазат журналист Олег Жук.

Автор Камчы алгач 25 жылга эркинен ажыратылганын, кийин акталып, 19 жылга мөөнөтү кыскарганын, 2006-жылы майда Рыспек Акматбаев киши колдуу болгондон кийин багы ачылганын, Москвада "мыйзамдагы ууру" деп таанылганын, экс-президент К. Бакиевдин учурунда Ленин райондук соту тарабынан акталып, кылмыш иши токтотулганын, анын инилери, шериктештери менен табакташ болуп калганын фактылар менен жазган.

Сот мындай чечим чыгарууга укугу жоктугун, ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев кошумчалаган.

"Камчы Көлбаев 2008-жылдын апрель айынан тарта 2011-жылдын 11-январына чейинки аралыкта "Манас" аэропортунан 50 ирет чек арадан ары-бери өткөнү расмий катталып, Ташкент, Москва, Стамбул, Дубай шаарларына бир нече ирет Бишкектен учкан. Ал түгүл Лондонго эки жолу Бишкектен учканы катталган",-деп жазат автор.

Бул гезит Кыргызстандын бажы кызматын Орусиянын жараны Кубанычбек Кулматов башкарып жатканын, анын орус паспортунун серия, номуруна чейин так жазып чыкты. Ал түгүл Москва шаарындагы Бабаджамян аянтындагы 60-үйдүн 81-батиринде каттоодо турганын, бул фактыны Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров ачыктаганын, Кулматов мамлекеттик кызмат мыйзамын бузганын, парламентте бул тууралуу талкуу болсо да, башкы бажычы Кубанычбек Кулматов эч кандай комментарий бербей, унчукпай турганын "Дело №..." гезити сүрөттөрү, паспортунун Орусияныкы экенин тастыктаган Орус миграция кызматынын каты менен кошо басты.

Премьер-министрдин жардамчысы Фарид Ниязов болсо К.Кулматов Кыргызстандын эле жараны экенин, эки өлкөнүн кош атуулдугун алганы такталып жаткан билдирген.

"Бажы тармагын башкарууну көздөгөн айрым чиновниктер жана башкы бажычы К.Кулматовдун айланасында ири суммадагы акчалар айланып жүрөт окшойт. Орусиянын жаранынын бажы тармагын мыкчып турганы тууралуу спектаклдин, жоруктун жыйынтыгы али тумандуу...",-деп жыйынтыктайт автор.

"Лозунг"

Бул гезит да "Камчы Көлбаев Бишкекте кайсы министр менен чайлашты?" деген макаласы менен жүзүн ачты.

"Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү талабы менен келаткан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кадимки кримавторитет, издөө салыган Камчы Көлбаевдин жакында Кыргызстанга келип сайраңдап кеткенин жар салды. "Анын сакчылары спикердикинен да көп экен. Ал Робин Гуд болуп жатат",-деп жаны кашайган депутат, учурда кылмышкерлер ээн-эркин эле басып жүргөнүн, алар ар убак "караларбыз" деп мактанаарын кошумчалады.

"Бирок тактала эле маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаев Бишкекке келгенде бир кафеде кайсы бир министр менен бир саатка чукул чайлашып, кафенин түрк улутундагы ээсин "отметкага" отургузуп кетиптир. Учурда бул чайкор министрдин аты-жөнүн тактап жатабыз",-деп жазат гезит.

"Эки баштуу «Ар-намыс»" деген макалада "медалдын эки бетиндей" учурда бул партияда эки баш чыгып турганын, бири - Феликс Кулов болсо, экинчиси - Акылбек Жапаров экени баяндалат. "Фракция ичинде да кызыл-чеке талашуулар болуп жатканын, Феликс Акылбекти «тизгиниңди тарт!» десе, тиги тилин тартпай, "баарыбыз эле балык болуп отура беришибиз керекпи?!" деп сайрап жүргөн кербези",-деп жазган.

Гезит Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин 60 жашка толгон мааракеси, ыр майрамы тууралуу кеңири баяндап, тойго «мекенчилмин, патриотмун» дешкен спикер Акматбек Келдибеков, үлкөн депутаттар Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов жана башка айрым чиновниктер келбегенин, намысты ойготуп, жан дүйнө козгогон Шакенин таамай саптары окулганын жазышкан.

"Далайлар кудум өзүн айтып жаткандай башын шылкыйтып, далайлар бармагын кырча тиштеп, өткөнүнө өкүнгөндөй отурду. Айрыкча элдин ыркын кетирген, ырысын жеген, эл көзүнө бирди айтып, эл жок жерде эсирген, «эл уулумун» деп куру мактанып, бирок калкка жарыгы тийбеген бийлик төбөлдөрү, эл башчыларына карата айтылган кылыч саптар, отурган чиновниктердин билегинен сап, жүрөгүнөн кан чыгарды окшойт",-деп жазат Семетей Талас уулу.
XS
SM
MD
LG