Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Кыргызстандык балбандардын 14 медалы


2-августта Бангкокто улан-кыздар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 14 медаль жеңип алышты.

30-июлдан 2-августка чейин Тайланддын борбору Бангкок шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча уландар жана кыздар арасында Азия чемпионаты өтүп, анда он бешке жакын мамлекеттин балбандары күч сынашты.

Грек-рим күрөшүнөн азиялык таймашууларда Кыргызстандын намысын тогуз балбан коргоду. Алардын катарында 50 жана 54 кг салмакта Самат Эркинбеков менен Аскат Аманбек уулу мөрөй талашып, бардык атаандаштарын жеңип, алар быйыл Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынышты.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алмаз Касеновдун айтымында, Тайланддагы Азиялык биринчиликте кыргызстандык жаш балбандар 14 медаль утуп, Ирандан кийинки экинчи орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар тандалма командасынын башкы устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетовдун айтымында, грек-рим күрөшүнөн 9 балбандын жетөө 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байге утуп алышты.

- Грек-рим күрөшүнөн Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучулары Самат Эркинбеков менен Аскат Аманбек уулу Азия чемпиону аталып, 2 алтын медаль тагынды. Ошондой эле 42 кг салмакта Замир Дунканаев, 54 кг салмакта Кылычбек Исмаилов, 58 кг салмакта Шухрат Сайдазимов финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болуп, экинчи орунду ээлешти. 69 кг салмакта болсо Арсен Айылчиев, 76 кг салмактагы Самат Шырдаков биздин ишеничти актап, экөө тең үчүнчү орундарды ээлеп, коло байгелүү болушту.

Мурда уландар арасында грек-рим күрөшүнөн Уран Калилов, Канат Бегалиев, Калыбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев дүйнө жана Азия чемпиондору болуп, өлкөнү тааныткан.

Бангкокто эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары да жыйынтыкталды

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын устаты Рысбек Мамашевдин айтымында, эркин күрөштөн Алибек Ташматов, Адилет Үсөнканов жана Азим Ивахов күмүш байгелүү болсо, 75 кг салмакта күрөшкөн Ихтияр Абдрахманов коло медаль тагынды.

Тайландда кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча Азиялык таймашуусунда Кыргызстандын намысын коргогон Үмүт Нуралы кызы, Нуржанат Бегматова жана Айсулуу Тыныбекова үчүнчү орунду камсыз кылышып, коло байгелүү болушту.

Мурдакы жылдары эркин күрөш боюнча уландар арасында Азия чемпиондугун кыргызстандык Сүймөнкул Табылды уулу жана Могамед Будунов утуп алышкан.

Уландар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун Кыргызстандан Улан Надырбек уулу гана жеңип алган. Учурда Азия чемпиону Улан 16-Азия оюндарына даярдык көрүүдө.

Жаш балбандардын чеберчиликтерин өстүрүп, такшалдырып туруу үчүн эл аралык ири мелдештерге катыштырып, чет өлкөлөр менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп туруу зарыл. Себеби Бээжин олимпиадасында Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев мөрөй алып, күмүш жана коло байге уткандан бери өлкөдөгү жаштардын көбү күрөшкө дилгир болуп, таланттуу жаш балбандар жетилип келатат. Буга Тайландда өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыктары далил.
XS
SM
MD
LG