Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

ШКУнун саммитинде Кыргызстан көңүл борборунда болду


ШКУ түзүлгөндөн бери Кыргызстандын биринчи жетекчиси саммитке алгач ирет катышкан жок. Ташкент, 11-июнь, 2010-жыл.
ШКУ түзүлгөндөн бери Кыргызстандын биринчи жетекчиси саммитке алгач ирет катышкан жок. Ташкент, 11-июнь, 2010-жыл.

Бүгүн Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити өттү. Күн тартибине уюмдун коопсуздук боюнча жогорку деңгээлдеги буга чейинки жыйындары үчүн мүнөздүү болгон салтуу, анын ичинде уюмдун ички маселелери киргизилгени менен саммиттин жүрүшүндө Кыргызстандагы кырдаал тууралуу да арбын сөз болду.

Шанхай Кызматташтык уюму негизделгенден бери саммитке Кыргызстандын мамлекет башчысы биринчи иретт катышкан жок. Ташкентке Кыргызстандан тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев баштаган делегация барды. Министрликтин билдиргенине караганда, Руслан Казакбаев чогулгандарга ириде Ош шаарында орун алган тополоңдорго байланыштуу түзүлгөн соңку кырдаал боюнча маалымат берди. Кыргызстандагы кырдаалга саммиттеги сөздөрүндө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери да токтолуп жатышты. Маслен Орусия президенти Дмитрий Медведев буларды белгиледи:

-Кыргызстан ШКУнун негиздөөчүлөрүнүн бири, биздин союздаш, жакынкы өнөктөш. Биз ал азыркы ички толкундоолордун баскычынан тезирээк өтүп, мамлекеттин социалдык –экономикалык өнүгүү проблемаларын аркалоого жөндөмдүү бийликти куруу маселеси чечилишине чын ниеттен кызыкдарбыз.

Дмитрий Медведев кошумчалагандай, Кыргызстанда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн 27- июнга белгиленген жалпы элдик референдумга ШКУнун атынан байкоочулар жиберилет.

Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев саммитиндеги сөзүндө Кыргызстанга жардам көргөзүүнү кайрадан убада кылды. Назарбаевдин ырастоосунда, Казакстан ШКУга алдыдагы бир жыл ичинде төрагалык кылган кезде бул артыкчылыктуу маселе болот. Назарбаевдин айтымында, Кыргызстанга гуманитардык, ошондой эле кредит жагынан жардам берген маанилүү. “Борбор Азия аймагында тынчтыкты, коопсуздукту, стабилдүүлүктү сактоо ШКУнун төрагасы катары Казакстандын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болот. Кыргызстандагы азыркы жараяндарды эске алганда бул өзгөчө актуалдуу” ,- деди Нурсултан Назарбаев.

Казак президенти Ташкенттеги саммитте ошондой эле мурдагы президет Курманбек Бакиевди сыртка алып чыгып кетүү менен Кыргыстанда кан төгүүнү алдын алууда өтө маанилүү роль ойногонун дагы бир жолу эске сала кетти. Ал эми өзбек президенти Ислам Каримовдун айтымында, саммиттин соңунда кабыл алынган декларацияда уюмга мүчө өлкөлөр “Кыргызстанды кырдаалды тезирээк стабилдештирүү жана бийликти легитимдештирүү үчүн ар тараптуу жардам көргөзүүгө даярдыгын ырасташты”.

Апрель окуяларынан бери ШКУга мүчө өлкөлөрдөн Орусия Кыргызстанга каражат, күйүүчү май, Казакстан күйүүчү май жагынан жардам бергени белгилүү. Борбор Азияга адистешкен орусиялык талдоочу Санабар Шерматованын көз карашында, ШКУ уюм катары жардам көргөзө албайт, көргөзсө ага мүчө өлкөлөр буга өз алдынча барышы мүмкүн:

-Алар Кыргызстан менен өз алдынча иштөөгө артыкчылык жасашат. Бирөөсү азыраак, экинчиси көбүрөөк бериши (жардам) мүмкүн. Мен билгенден ШКУда башка өлкөдөгү улут аралык тартипти, экономиканы көтөрүүнү каржылагыдай кандайдыр бир кор жок. 7- апрелден кийин Кыргызстандын ШКУдагы өнөктөштөрү менен байланыштары активдүү эле кетип жатат. Эч кимиси Кыргызстандан жүзүн буруп кеткен жок. Принцибинде баары эле иштешип жатат.

Бир катар талдоочулардын көз карашында, парламенттик демократия курууга умтулуп жаткан Кыргызстанга ШКУнун бир да өлкөсү саясий реформалар жагынан жардам же үлгү көргөзө албайт. Көргөзүлсө гуманитардык, экономикалык жактан гана болуусу мүмкүн. Бирок саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыкттын” кабарчысы менен маегинде белгилегендей, ошол эле учурда чек аралардын толук же жарым –жартылай жабык турушу көп суроолорду жаратат:

-Булардын биринчи иретте чек араларды ачып берүүсү чоң жардам болот эле да. Өзбекстан деле, Казакстан деле ШКУга мүчө. Экинчиден ШКУнун башында Кытай турат. Кытайдын товарлары бизге өтпөй калды да (Кыргызстан аркылуу кетпей калды). Уюмдун бир мүчөсү экинчи мүчөсүнүн товарларын өз аймагына киргиздирбей жатпайбы. Баажы союзу түзүлгөндө эле айтпадыкбы, ШКУ экиге бөлүндү деп. Жардам кылалы деген декларациялар айтылганы менен аткарылбай жатпайбы?

Чек ара демекчи, айрым байкоочулардын пикиринде, Оштогу соңку окуялар кыргыз -өзбек чек арасынын ачылуусун дагы кыйлага кечеңдетти окшойт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG