Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:05

Үрүмчүдө коменданттык саат киргизилди


Үрүмчүдөгү тополоң. 7-июль, 2009-жыл.
Үрүмчүдөгү тополоң. 7-июль, 2009-жыл.

Кытайдын Шинжаң-уйгур автономиялык районунда улуттар аралык араздашуулар уланууда. Шейшемби күнү шамшар жана союл менен куралданган хан кытайлардын тобу Үрүмчүдө уйгурларга караштуу дүкөндөрдү талкалады. Полиция аларды көздөн жаш агызчу газ атып жатып таркатты.

Үрүмчүдөн алынган маалыматтарга караганда, уйгурлардын дүкөндөрүн таш-талкан кылган шамшар бычак жана союлчан хан кытайларды тартипке салуу үчүн Кытай полициясы көздөн жаш агызчу газ пайдаланды. Үрүмчүдө хан кытайлар менен уйгур арасында мушташ болгону айтылууда.
Тополоң дагы кайталанбас үчүн Кытай бийликтери Үрүмчүдө коменданттык саат киргизди.

Шейшемби күнү эртелеп, эки жүз чамалуу уйгурлардын тобу, көбүн эсе аялдар жекшемби күнкү этникалык чатакка байланыштуу кармалган 1400дөн ашуун адамга эркин берүүнү талап кылып, Үрүмчүдө көчө жүрүшүн өткөрүштү. Атын атабаган уйгур киши кытай тилинде буларды айтты:

- Алар баарын кармап кетишти. Бардык аялдарды, балдарды да кармап кетшти. Алар али камакта отурушат. Жети, сегиз жаштагы балдар азыр темир тордун артында отурушат. Кытайда мыйзам жок. Мыйзам тандалган адамдарды гана коргойт.

Тополоң Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун борбору Үрүмчүдөн сырт жактарга да жайылууда. Өкмөттүк маалымат булактары дүйшөмбү күнү кечинде полиция региондун экинчи чоң шаары Кашкарда демонстрацияга чыккан 200дөй уйгурду таркатканын, Кашкар аэропорту менен шаарды туташтырган жолго полиция бекеттери орнотулганын, Шиңшаңдын көпчүлүк бөлүгүндө алиге Интернет байланышы жок экенин билдиришти.

Кытай Компартиясынын Үрүмчү шаардык бөлүмүмнүн катчысы Ли Жу полициянын демонстранттарга каршы күч колдонуусун актап, мындай деди:

- Биз аялдардын жана балдардын коопсуздугун коргойбуз. Ким тополоңго катышса, ким зобун жасап, тартип бузган болсо, аларга сабак болсун үчүн тийиштүү жазасын беребиз.

Байкоочулар Жинжаңдагы же тарыхый аталышы боюнча Чыгыш Түркстандагы кырдаалдын курчушуна Кытай бийликтеринин адам укуктарын бузуусу жана уйгурлар менен хак кытайлар арасындагы чатак себеп болду дешет.

Ырасмий маалымат боюнча, хан кытайлардын экономикалык үстөмдүгүнө нааразы болгон үрүмчүлүк уйгурлардын тобу баштаган чатакта 156 киши өлүп, 800 ашуун адам жараат алган. Уруштун чыгышына июнь айында Кытайдын түштүгүндөгү Гуандонг провинциясында уйгурлар менен хак кытайлар арасындагы кагылышуу да шыкак болгону айтылууда. Кагылышта 2 уйгур курман болгон.

Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч Азия уюмунун өкүлү Фелим Кине Үрүмчүдөгү кандуу булоонду көзкарандысыз изилдөөгө чакырды:

- Бизди сот жараянына, талаштуу камакка алууларга, камакка алынгандарды мүмкүн болчу кемсинтүүлөргө жана кыйноолорго такыр көңүл бөлүнбөй жатканы аябай тынчсыздандырат.

БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссары Наванет Пиллайдын өкүлү Руперт Колвилл Үрүмчүдөгү кырдаалга байланыштуу башкомиссардын тынчсыздануусун билдирди:

- Башкомиссар жекшемби күнкү Үрүмчүдөгү тополоңдо көп адамдар набыт болгонуна жана региондогу курч кырдаал жөнүндөгү кабарларга тынчсызданууда. Жогорку комиссар кытай жана уйгур жамааттарыныни лидерлерин, ошондой эле бардык деңгээлдеги Кытай бийликтерин жаңы зобун-зордуктарды жана кан төгүүлөрдү болтурбоо үчүн сабырдуу болууга чакырат.

Адам укугун коргоочу уюмдар Кытай бийликтеринин уйгурларга каршы катаал чара колдонуулары этникалык тирешүүнү дагы курчутушу мүмкүн экенин эскертишти.

XS
SM
MD
LG