Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Жалал-Абаттагы бейөкмөт уюмдар укук чектеген мыйзамга каршы


Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын коомдук иш-аракетине чектөө салуу аракеттери башталды.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын коомдук иш-аракетине чектөө салуу аракеттери башталды.

Жалал-Абат облусундагы бейөкмөт уюмдар «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө мыйзамдолбоорун четке кагууну Жогорку Кеңеш менен Президенттен жана Акыйкатчыдан өтүнгөн кайрылуу кабыл алышты.

«Коммерциялык уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган бейөкмөт уюмдар анын адам укуктарын кыйла чектегендигин, долбоорду четке кагуу зарылдыгын белгилешти. Талкууда айтылгандай, «өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирүүдө" деп саналган уюмдар мыйзам алдында жооп берүүсү зарыл, бирок бүтүндөй бейөкмөт уюмдарды тегиз текшерүү мүмкүн эмес.

Жарандык коомго көзөмөлдү күчөткөн долбоордо адамдардын башкаруу ишине катышуусу саясий жактан басмырланган.1-берене коммерциялык уюмдарга саясий иш-чаралар менен шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө тыюу салган. Саясий ишмердүүлүк чектелсе- жарандар бийлик иштерин көзөмөлдөй албайт, деген тынчсыздануу болду талкууда.

Облустагы жарандык коомду колдоо борборунун юристи Нурбек Касымбековдун көз карашында долбоор өлкө бекиткен эл аралык келишимдерге каршы келет.Чала иштелген долбоор кабыл алынса,эсеп-кысап иштерин тармактык уюмдарга өз убагында берген уюмдардын ички ишине кийлигишүү андан ары күчөйт.

Жалалабаттагы коомдук уюмдун башчысы Женишбек Дүйшеев долбоор « саясий партиялар жана адам укуктары боюнча» пактынын талаптарын бузган» деп эсептейт. Анын баамдоосунда бейөкмөт уюмдар чет элдик каражаттарды тартып, жер-жерлердеги социалдык абалдын онолушуна, элдин нааразылыгын азайтууга үлүш кошуп, өкмөттүн жүгүн женилдетүүдө.

«Ак жол» партиясынын облустагы мүчөсүө Мураталы Үчкемпиров долборду жактаганы менен анын кошумча-өзгөртүүлөргө, кайрадан даярдоого муктаж экендигин билдирди. Анын пикири боюнча эл мүдөөсүн эске албай, жеткилең бүтпөгөн мыйзам мурдагысындай коомчулуктун нааразылыгын пайда кылуусу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG