- Сиз “Алтын Минбар” фестивалында калыстар тобун жетектеп жатасыз. Бул фестиваль Сизге кандай таасир калтырууда?
- Менин оюмча, бул абдан керектүү фестиваль. Себеби, бул кайрымдуулуктун фестивалы, элге жардам кылган фестиваль. Акча үчүн өзүнүн абийирин жоготкон көрүнүштөр күчөгөн азыркы заманда “Алтын Минбар” абдан керектүү фестиваль. Казань эң сонун шаар, кандай жакшы үйлөр тургузулуп жатат, элдин абалы жакшы. Татарстандын эли туруктуу тынч турмушта жашап жатат, мен ушуга абдан кубандым.
- Совет заманында улуттук кинолордун өзүнүн жүзү бар эле: “Өзбекфильм”, “Грузияфильм”, “Кыргызфильм”деген. Бүгүнкү күнү кандай жетишкендиктер жана проблемалар бар? Кыргызстанда киноиндустриясы кандай абалда?
- Биздеги эң башкы проблема – каражаттын жоктугу. Биздин өкмөтүбүз каражат бөлүп берерин айтып келатат, бирок сөздөн ишке өтө элек. Балким келерки жылы же 2010-жылы кыргыз киносуна каражат толук берилет деп ишенем. Өзбекстанда жана Казакстанда киного акча аяшпайт, көп берилет, ошондуктан алардын кинолору мыкты чыгып жатат. Казакстанда “Шакендин жулдыздары” жана “Ай-Авразия” деген көрүнүктүү эки фестиваль бар. Менин оюмча “Алтын Минбар” түрк дүйнөсү үчүн абдан маанилүү, абдан керектүү фестиваль болуп жатат. Бул төртүнчү ирет болуп жаткан фестиваль. Дагы бир үч жылдын ичинде бул фестивалдын деңгээли абдан көтөрүлөт. Себеп дегенде “Алтын Минбар” жалаң гана Азия эмес, бүтүн Европага, бүтүн дүйнөгө тарап таанылып жатат.