Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:56

КАРЖЫ КРИЗИСИНИН КАҢШААРЫ


АКШ, андан соң Европаны каптаган каржы кризисинин капшабы Орусияга, Азиянын бир топ өлкөлөрүнө тийип, дүйнөлүк экономика ушу тапта кысталыш кырдаалды баштан кечирип жатат. Кыргызстанда АКШ долларынын баасы көтөрүлүп уламдан-улам жогорулоонун үстүндө баратат.

Кошмо Штаттары каржылык кризистин сесин азайтуу амалында 700 миллиард доллар акчаны мамлекеттик бюджеттен бөлүүгө ниеттенип, ошондой эле аракеттерди Европа өлкөлөрү да жасоого киришти.

Орусия өкмөтү каржы кризисине капталбаш үчүн 950 миллиард рубль акчаны ири банктарга кредитке берүүгө даяр экенин билдирүүдө.

Айтылуу финансист Жорж Соростун пикиринде, каржы базарынын шаштысын кетирип жаткан кризис жели чыккан “желсандардын” натыйжасында чыкты. Баарын базар өзү жайгаратка ынанып алган жаңылыш түшүнүктүн натыйжасы ири каржылык мекемелерди биринин артынан экинчисин банкроттукка жетелеп кирүүдө. Кыймылсыз мүлктү айланчыктаган “желсандардын” иши бүткөн соң эмки кезек сырьелук жана товардык биржаларга келүүдө.

Кыргызстанда болсо доллардын курсу көтөрүлүүдө. Экономикалык эксперт Чоробек Имашев аны АКШ өкмөтүнүн акча саясатынын катуулатышына байланыштуу түшүндүрөт.

- Доллардын көтөрүлүшүнүн биринчи себеби Американын өзүнүн акча саясатын катуулатканга байланыштуу болду. Кризистен кийин. Мен ошол кезде бир жумага Эларалык валюта корун реформалоо боюнча конференцияга барып келгем.

Азия Универсал банкынын төрага орунбасары Жумаш Сыдыков АКШ долларынын көтөрүлүшүн мунайдын дүйнөлүк баасына байланыштуу экенине токтолду.

- Мунайдын баасы түшүп жатат. Ошого жараша көтөрүлүп жатат. Биздеги акчалардын катышынын азайып-көбөйүп кетиши ушуга байланыштуу болуп кетет. Ушуга эле байланыштуу.

Жумаш Сыдыков доллардын көтөрүлүшүнүн АКШдагы каржы кризисине эч кандай байланышы жок деген пикирде. Анын ырасташынча, АКШ өкмөтү бөлүүгө ниеттенип жаткан 700 миллиард кредит ириде доллардын барк-баасын түшүрбөй сактап калуунун аргасы. Ал эми доллардын көтөрүлүшү канчага созуларын так айтыш кыйын.

- Болжол менен айтканда, доллардын курсу көтөрүлө берет. Бирок ал канчага чейин көтөрүлөрүн айтыш кыйын,- дейт Жумаш Сыдыков.

Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин башкармалык жетекчиси Кубан Айдаралиев да доллар курсунун көтөрүлүшүн Эларалык валюта кору менен АКШ өкмөтүнүн акча-кредит саясатына байланыштуу деп эсептейт.

- Ал эми 700 миллиард доллар бөлүү толук чечиле элек. Бирок Америка өкмөтү аракет жасап жатат. Ошондой эле өздөрүнүн банктары да, ошондой эле Эларалык валюта кору да доллардын курсун өзгөртүү үчүн болгон аракетин жасап жатат. Менин оюмча, бул биринчи кезекте Эларалык валюта корунун жүргүзүп жаткан саясаты.

АКШ өкмөтү каржы системасындагы кысталыш абалды калыбына келтириш амалында ири каржы мекемелерин улутташтыруу, башкарууну мамлекет колуна алууга өтүүдө. Европа өлкөлөрүндө да кризистен чыгуунун аракеттери көрүлүүдө. Непадам, АКШ өкмөтүнүн аракети тереңдеп бараткан кризисти токтотууга кудурети жетпесе анын капшабы жалаң Европа өлкөлөрү менен Орусияны эле каптап өтпөстөн, жаңыдан өнүгүп келаткан мамлекеттердин кендирин кескени туру. Аны Кыргызстандын кыйгап өтүшү деле кыйын.

XS
SM
MD
LG