Бийлик тарабынан да, коомчулук тарабынан да обочого калтырылып жаткан Беларус оппозициясы эми кантип аман калуунун амалын издөөгө дуушар.
Ал эми Батыш болсо мындан ары деле майнапсыз оппозицияны колдой берүүгө дилгирби, же Евробиримдик менен алакаларды жандандырууга ниети бар экендигин билдирген президент Александр Лукашенкага кол сунабы, мына ушул суроого жооп кайтарышы абзел.
Оппозиция лидерлеринин бири Александр Казулин жана башка дагы саясий куугундун эки курмандыгы Батыштын басымы менен август айында абактан чыгарылган.
Казулиндин оюнча, Батыш үчүн Лукашенканы обочодо кармоо эч бир жыйынтыкка алып келбейт:
- Албетте Батыш Беларустун саясий режимине өз каалгасын жаап салбашы керек. Кайра тескерисинче, Беларуска цивилизациялуу дүйнөдө, цивилизациялуу коомдо жагдай кандай болуш керек экендигин үйрөтүп, алар менен иштешүү керек.
Ал эми Беларус оппозициясынын башка өкүлдөрү болсо бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришти.
Алардын бири – Бирдиктүү Атуулдук Партиянын лидери Анатол Лябеджка (Anatol Lyabedzka) мырза Беларус аткаминерлери шайлоонун жыйынтыгын санап коюуга да мойну жар бербеди, бул шайлоо уятсыздыктын үлгүсү болуп калды деген кескин сынын айтты:
- Лукашенка азыр 2011-жылы өтчү президенттик шайлоону ойлонуп жатат. Маселен, эгерде ал Евробиримдиктин шайлоо тууралуу талаптардын жок эле дегенде жарымын жүзөгө ашырганда, анда келээрки президенттик шайлоодо добуштарды саноодо ал үчүн олуттуу көйгөйлөр жаралмак.
Ал эми шайлоонун эртеси, тактап айтканда, дүйшөмбү күнү түштөн кийин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Беларустагы парламенттик шайлоонун жүрүшү жана алгачкы жыйынтыгы тууралуу өзүнүн тыянагын жарыялады.
ЕККУ Беларустагы бул жолку парламенттик шайлоо, мурдагыларга салыштырмалуу анча-мынча жылыштар байкалганына карабастан, эл аралык стандарттарга төп келбеди деген баа берди. Дегинкиси, мындай билдирүү президент Лукашенканын Батыш менен жакындашуу ниетине огожо болбогону аз келгенсип, оппозицияга да эч кандай упай топтобойт өңдүү.
Бул тууралуу беларус саясий серепчиси Кирил Пазняктын пикири мындай болду:
- Эгер саал мурда Батыштын иш аракети оппозициянын сунуштарына ылайык жүзөгө ашырылып келсе, бул жолу биз башкача кырдаалга күбө болуп отурабыз. Азыр Батыш моралдык жана экономикалык колдоосун айрым бир оппозициячыл топтун тек гана убадасына эмес, конкреттүү иш-аракетине карап жумшамакчы. Анткени оппозицияны анын оппозиция аталганы үчүн гана колдоо эч кандай үзүр бербейт. Ал эми азыркы тапта оппозиция коомдук таасирдүү ролунан айрылып, элден обочолонгондон обочолонуп баратат, бул жараян болсо оппозициянын коом үчүн саясий тандоо мүмкүнчүлүгү экендиги тууралуу идеянын өзүнө кедерги тийгизүүдө.
Эгерде Пазняктын айтканы акыйкат болсо, анда беларус оппозициясынын өзү стратегиясын жана жетекчилигин олуттуу түрдө жаңылантууга муктаж.
Беларус оппозициясынын башын бириктирген “Бириккен Демократиячыл Күчтөр” кыймылында ажырым шайлоо өнөктүгү маалында өзгөчө байкалды: айрым партиялар шайлоого бойкот жарыяласа, кээ бири шайлоого жигердүү катышабыз деп жуурканды өзүнө тартышты. Натыйжада, сөз жүзүндө өзүн “бирдиктүү” деп жарыялаган бул саясий бирикме, бир чети, жарытып бойкот да кыла албады, экинчи чети, шайлоодо жеңүү үчүн жандуу күрөшө да албады.