Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

М. ЭШИМКАНОВ: БАШ РЕДАКТОРДУН КАМАЛЫШЫН ТУУРА ЭМЕС КӨРӨМ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Улуттук телерадиокомпанияда реформа жүрүп жатат. Буга жол ачкан жардык чыгаргандыгын кечээ президент Курманбек Бакиев УТРКда болгон учурунда жарыя кылды. Ушул эле күну көз карандысыз “Алиби” гезитинин баш редактору камакка алынганы маалымдалды. Ушул маселелерге байланышкан “Азаттыктын” таңкы туз ободогу суроолоруна УТРКнын башкы директору Мелис Эшимканов жооп берди.

- Мелис мырза, саламатсызбы? Мына эгемендик жылдарынан бери эле УТРКны реформалоо талылуу маселе болуп келатат. Кечээ президенттин айтканына караганда, жетекчиликтин укуктары кеңейген экен, жаңы устав кабыл алыныптыр. Ал кандай жаңылыктарды алып келет УТРКга?

- Эң ириде биз “Телекөрсөтүүлөр жана радио уктуруулар жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде уставыбызды жаздык. Аны президенттик администрациянын юристтери, Адилет министрлиги менен чогуу иштеп чыкканбыз. Эки-үч ай кетти окшойт. Ал жерде, албетте, демократиялык мүнөздөр сакталды, байкоочу кеңештин укуктары да бар. Байкоочу кеңешке биз каржыбыз, концепциябыз, редакциялык структурабыз боюнча толугу менен макулдашабыз. Байкоочу кеңештин атүгүл башкы директор жакшы иштебей, мыйзамды бузса, ага ишеним көрсөтпөөгө чейин укуктары бар. Жакынкы күндө президент тарабынан сунушталса, кеңештеги азаматтардын тизмеси калыптанып калат деп ойлоп атабыз.

Андан тышкары мурдагыдан кескин айырмасы – башкы директорго, анын орун басарларына, ички коллегияларга аябай чоң укуктар берилген. Мурда көп нерселерде бийликтин, өкмөттүн көзүн карап отурчу элек. Азыр колубуз кыйла узарып калды.

Андан тышкары өзүңөр билесиңер, камералык хорду, оркестрди, театрды (“Учур”), облустук телерадиокомпанияларды төрт-беш айлык сүйлөшүүдөн кийин министр Султан Раевдин макулдугу менен Маданият, маалымат министрлигине өткөрүп бердик.

- Мелис мырза, жеке эле УТРКда эмес, жалпы кыргыз журналистикасында журналисттик чеберчилик, элге маалыматты бейтарап, калыс, так жеткирүү бардык тарап каалаган, бирок, дайыма эле ишке аша бербеген жагдай. УТРКда кадрлардын сапаттык деңгээли, чеберчилигин арттыруу эмнеден көз каранды?

- Чындап эле өзүбүздү өзүбүз алдай албайбыз да. Чындыгында соңку 10-15 жылда журналисттик кадрларды даярдоо майдаланып, начар деңгээлге түшүп кеткен. Университеттер, көрүнгөн институттар ким кыйын кыйкырса эле дипломдорун тапшыра баштаган жагдайга келип калганбыз да. Станоктогудай печаттап киргенбиз. Өзгөчө кийинки жаштардын деңгээли, аларга моюнга алыш керек, Советтер Союзундагыдай терең билим жетишпей жатат.

УТРКда болсо бул багытта келгенден бери эле аракеттерди баштаганбыз. Азыр анын үзүрүн көрө баштадык. Көз тийбесин, акыркы эки-үч айда биздин журналисттерден айына он чактыдан, он беш чактыдан ар кайсы мамлекеттерге, ар кайсы күчтүү телекомпанияларга стажировкага барбай калган учурлар боло элек. Мындай аракеттер дагы күчөмөкчү.

- Ушундан улам журналисттердин көз карандысыздыгы тууралуу да суроо пайда болуп калды. Мына кечээ “Ачык саясат” гезитин чыгарууга киришкен “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков айып пул төлөбөйт деген негиз менен камакка алынды. Бир кезде сиз жетектеген “Асаба” гезити да ушундай жагдайга кирептер болуп, бирок, камакка алууга жеткен жок эле. Баш редактордун камакка алынышына, дегеле өлкөдөгү сөз эркиндигине көз карашыңыз кандай?

- Чындыгында эле бул маалыматты мен билбейт экемин. Бирок камакка алууну мен туура эмес көрөм. Сөз эркиндигин муунтууну, кыргыздын эң эле жөнөкөй “баш кесмек бар, тил кесмек жок” дегениндей, биздин кесиптештер тарабынан канчалык каталар кеткен күндө дагы мен мындай нерсени кабыл ала албайм. Укук коргоо органдарына, бийликтегилерге дайыма кайрылып келем, андай репрессиялык, андай артка чегинген жолго биз эч качан барбашыбыз керек деп.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG