Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

КАЗАКСТАНДА ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫН КАРМАП-КАМАП ЖАТЫШАТ


Кубат Чекиров, Прага Казакстанда кармалган өзбек качкындары Хасан Темиров менен Рафик Рахмановдун тагдырлары укук коргоочулардын тынчсыздануусун жараткан маселе бойдон калууда. Хасан Темиров өткөн жумада Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Рафик Рахманов 17-апрелде камалган. Бул эки өзбек жараны тең Өзбекстанда террордук окуяларга катышы бар шектелип айыпталып, аларга издөө жарыяланган.

Өткөн аптада Алматы шаарында кармалган Хасан Темировду полиция улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп бергенм белгилүү болчу. Анын азыркы абалы жөнүндө Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы маалымат бербей, кат жүзүндө суроо талап берилсе ага жооп кылышарын гана билдирүү менен чектелүүдө. Бирок соңку маалыматтар боюнча Хасан Темиров аны БУУнун качкындар иштери боюнча комиссарынын өкүлдөрү келип, арызын угуп, качкын макамын берсин үчүн улуксат сурап Казакстандын бийликтерин арыз жолдогону белгилүү болду. Хасан Темиров өзбек бийлиги тарабынан Ташкентте 1999-жана 2004-жылы болгон террордук акцияларга катышы бар деп айыпталып келатат.

17-апрелде Алматыда дагы бир өзбек жараны Рафик Рахмановду казак полициясы кармап кеткен болчу. Кокон шаарынын 52 жаштагы тургуну Рафик Рахманов Анжиян качкындары сыяктуу эле Өзбекстандын бийлиги тарабынан киши өлтүрүү жана террордук иштерге катышы бар деп айыпталып, ага издөө жарыяланган. Ал камакта отурган жерге БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын өкүлдөрү кирип сүйлөшүп, Рафик Рахмановду качкын макамын сурап жаткан адам катары каттоого алган. Анын качкын макамын сураган арызы боюнча кандай чечим болору азыр белгисиз экендигин Азаттыкка БУУнун качкындар иштери боюнча комиссарынын Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Геля Рерих билдирди.

«Интервью иштери өткөрүлдү. Ага качкын макамын берүү жөнүндө маселенин жыйынтыгы кандай болору жана качан болору жөнүндө так маалымат айта албайбыз»,- деди Геля Рерих.

Казакстанда жүргөн өзбек качкындары соңку учурда Казакстандын күч органдары тарабынан аларга каршы кармап камоолор, текшерүүлөр күчоп кеткенин кабатырлануу менен билдирип жатышат. 29-майда өзбекстандык дагы эки жаран Жобир Аслонов менен Элмурат Хамзаевди Казакстандын полициясы кармап алып, укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен араң бошотушкан.

Казакстанда баш калкалап жүргөн өзбек жарандары 31-майда эл аралык уюмдарга таркаткан катында өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн, балдарынын өмүрү үчүн абдан кооптонуп жатышканын билдиришкен.

«Бизди камап туруп күч менен Өзбекстанга депортация кылабы деп коркуп жатабыз. Ал жакта бизди кыйноолор жана өлүм күтүп турат. Биз түзүлгөн кырдаалга тезинен кийлигишип, бизге күч структуралары коркунуч келтире албай турган демократиялык өлкөлөрдүн бирине көчүп кеткенге жардам берүүнү сурайбыз»,- деп айтылган алардын катында.

Бул катка Казакстанда качкын абалында жүргөн 35 өзбек жараны кол койгон. Ошондой эле БУУнун Качкындар боюнча комиссарынын Алматыдагы өкүлчүлүгүндө качкын макамын сурап жаткан дагы беш өзбек жаранынын арызы каралып жатат.

XS
SM
MD
LG