Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:58

ИСЛАМ КАРИМОВ – КАЙРАДАН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР


Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөрүп, 23-декабрдагы президенттик шайлоого азыркы мамлекет башчы Ислам Каримов жана дагы 3 киши талапкер катары ырасмий түрдө катталганын жарыялады. Журналисттерге кыскача маалымат берип, суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан Борбордук шайлоо комиссия жетекчиси азыркы президент кандайча конституцияны аттап, 3-жолу шайлоого катышып жатканын чечмелеп берген жок.

Январь айында 70 жашка толо турган президент Ислам Каримов ошентип, туулган күнү алдында дагы бир 7 жылдык бийлик мөөнөтү үчүн ат салышмакчы. Бирок анын атаандаштары шайлоодо азыркы президент менен теңата күч сынашып, кимдир-бирөө Каримовдон тактыны чындап талашаарына ишенгендер жокко эсе. 1991-жылы Ислам Каримовго президенттик шайлоодо атаандаш болом деп, ошондон бери чет өлкөдө баш калкалап жүргөн оппозициячыл “Эрк” партиясынын лидери Мухаммед Солих декабрдагы шайлоо – жөн гана элди алдоо жараяны деп эсептейт.

- Каримов аман турса, дагы 7 жылга шайланат. Анда да өлбөсө, дагы бир 7 жылга калат. Мен андан кенедей да күмөн санабайм. Каримов эч убакта кызматын өткөрүп бербейт. Андан кандайдыр бир жаңылык, реформа күтүү – барып турган келесоолук, - дейт чет өлкөдө сүргүндө жүргөн өзбек диссиденти.


Дүйшөмбү күнү Ташкенде өткөн маалымат жыйыны ашык-кеми жок 6 жарым мүнөткө созулуп, Борбордук шайлоо комиссия башчысы Мирзо-Улугбек Абдусаломов баш көтөрбөй кагазда жазылган токтомду окуп берип, эшикти тарс жаап чыгып кетти. Ал токтомго ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 23-декабрда өтө турган президенттик шайлоого 4 талапкерди – элдик-демократиялык партиядан Аслиддин Рустамовду, “Адолат” партиясынан Дилором Ташмухамедованы, демилгечи топтун атынан депутат Акмал Саидовду жана азыркы президент Ислам Каримовду каттап, аларга ырасмий күбөлүк тапшырды. Комиссияга арыз тапшырган дагы эки талапкер Өзбекстандагы 16 миллиондой шайлоочунун 5%ынын колун топтоо талабын аткара албай жарыштан чыгып калды. 4 талапкер ичинен азыркы президент Ислам Каримов Өзбекстандын конституциясында чектелген 2 мөөнөттөн ашык бийликте отурганына карабай, башмыйзамды аттап кайра талапкер болуп катталганы түшүнүксүз. Кабарчылардын бул тууралуу суроо берейин деген ниети ишке ашпай калды, анткени БШК жетекчиси жана анын жардамчылары суроого кезек бербей чыгып кетишти.

Ислам Каримов Өзбекстан коммунисттик партиясынын жетекчиси болуп 1989-жылы дайындалган, андан кийин 1991-жана 2000-жылы президенттикке шайланган. Батыштык байкоочулар Өзбекстандагы бир да шайлоону калыс, демократиялык талаптарга ылайык өттү деп тааныган эмес.

Айтор, Ташкендик бул аялдын айткандары көпчүлүк өзбек шайлоочуларынын маанайын чагылдыргандай:

- Эл күлүп атат. Деги Каримов - сөзүнө иши дал келбеген киши. Мен шайлоого барбайм, андан эч нерсе өзгөрбөйт баары бир.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG