Оппозициячыл “Азатлик” гезитинин редактору Генимет Захидовго “бейбаштык кылган жана бирөөнүн денесине жеңил жаракат келтирген” деген кинелер тагылып, тергөө иши аяктаганча 2 айга абакка отургузулду. Күнөөсү далилденсе, Захидов алты жылга дейре эркинен ажыратылышы мүмкүн, аны менен Азербайжанда абакта отурган кабарчылардын саны 9га жетти.
Бакулук Кабарчылардын коопсуздугу жана эркиндиги институтунун директору Эмин Гусейновдун айтымында, Захидов ишембиде полициянын чакыруусу боюнча көчөдөгү кол салууга күбө болгон киши катары көрсөтмө бергени барган. “Азатликтин” редакторун 9 сааттай адвокаты жок суракка алгандан кийин полиция кайра журналисттин өзүнө кине тагып, эртеси камакка алды. Генимет Захидов өз макалаларында президент Илхам Алиевдин саясатын тайманбай сындап келген, андыктан эл аралык уюмдар жана Бакулук укук коргоочулар журналист азери бийликтеринин оппозициячыл маалымат каражаттарынын ооздуктоо кампаниясынын курмандыгы болду деп эсептешет.
Дүйшөмбүдө АКШнын Азербайжандагы элчиси Энн Дөрс Бакунун көз карандысыз маалымат каражаттарына жасаган мамилеси өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрүүдө деп билдирди.
- Прессага каршы жүргүзүлүп жаткан бул кампания Азербайжандын аброюн начарлатып, дүйнө коомчулугу алдында өлкөнүн кадырына залака келтирүүдө. Мен жолуктурган көптөгөн патриот азербайжандар, өз мекенинин келечегине, анын өнүккөн, күчтүү, көз карандысыз өлкө болооруна ишенген жарандары АКШга кошулуп, бул кампанияны токтотууга үндөйт деп үмүттөнөм.
Генимет Захидов соңку айларда бийликтегилер тараптан улам бир кысымга кабылып келаткан. Сентябрь айында аны жалган маалымат таратты деп күнөөлөп, экономика министри сотко кайрылса, октябрда Азербайжандын транспорттук полиция башчысынын орун басары Захидов редакторлук кылган “Азатлик” гезитинде жарыяланган макалага байланыштуу сотко арыз жолдогон.
Журналисттин бир тууган агасы, белгилүү азербайжан сатириги Мирза Сакит Захидов былтыр жанынан маңзат табылды деп айыпталып, 3 жылга түрмөгө кесилген. Азербайжан коомчулугу арасында калеми учтуу жазуучунун маңзат ташып баратып кармалганына ишенгендер жокко эсе, укук коргоочулар бул иш жасалма саясий куугунтук деп айыптаган билдирүү таратышкан.