Бириккен улуттар уюму ушу тапта дүйнө коомчулугунун башкы көңүлүн глобалдык экологиялык алаамат – күндүн ысып баратышына бурдуруу далалатында. 9-ноябрда Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жубайы жана чакан делегациянын коштоосунда Антарктикага барып, аба ырайынын ысып баратышы орду толгус кесепеттерге алып келип жатканын эскертти.
-Мага илимпоздор батыш Антарктика толугу менен эрип баратат деп айтышкан эле. Бул жалпы континенттин бештен бири. Ушул бөлүк эрип жок болсо, деңиз деңгээли 6 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул өтө кооптуу, мен бул жакка силерди коркутайын деп келген жокмун. Мен силерге климат канчалык өзгөрүп, ысып баратканы тууралуу эскертип коеюн деп келдим.
Улуттар уюму алдында 1988-жылы түзүлгөн Климаттык өзгөрүүлөр боюнча комиссия ошондон бери 130дан ашуун өлкөдөн 2 жарым миңдей окумуштуу менен тыгыз кызматташтыкта изилдөөлөр жүргүзүп келатат. Дал ушул комиссия АКШнын мурдагы вице-президенти Ал Гор менен кошо Тынчтык жаатындагы быйылкы Нобель сыйлыгын жеңип алган.
Испанияда өтүп жаткан жыйында International Herald Tribune гезити жазгандай, 140тай өлкөдөн чогулган делегациялар АКШ менен Кытай баш болгон мамлекеттерди абага парник газдарын бөлүп чыгарууну кескин кыскартууга мажбурлай турган чараларды талкууга алмакчы. Улуттар уюмунун комиссиясы жыл башында жарыялаган докладда айтылгандай, соңку жарым кылым ичинде абанын акырындап ысып кетишине алып келген себептердин 90%ы – жер астынан казылып алынган күйүүчү майларды колдонуунун кесепети. Кара майды пайдалануу ушул темпте өсө берсе, ушул кылымдын аягына дейре жер жүзүндө абанын температурасы орто эсеп менен 2-4 градуска чейин ысып, дүйнө жүзүндөгү өсүмдүк менен жаныбардын үчтөн бири жоголуу коркунучуна дуушар болот. Ансыз да аба-ырайы жылуу айрым өлкөлөрдө айыл-чарба түшүмү жакынкы 20 жыл ичинде эле азыркыдан 2 эсе кыскарышы мүмкүн. Баарынан коркунучтуусу – 2080-жылга карата Азия менен Африкадагы дарыя-деңиздерди бойлой жашаган миллиондогон адамдар суу ташкыны, сел каптоо коркунучуна кабылат.
Жума күнү Антарктикадан аскердик учакта Чилиге учуп кетээр алдында Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун: “ушу тапта адамзат чукул кырдаалга туш болуп отурат. Ага жараша чукул чаралар көрүлүшү зарыл. Бизде каражат, ресурстар – баары бар, бир гана саясий эрк жетпей турат”, - деп белгиледи. Айтор, ушу тапта Испаниядагы жыйын дүйнөлүк коркунучту азайтуунун кандай чукул жолдорун сунуш кылат деп эл аралык коомчулук кулак түрүп турган кез.