Өткөн жума күнү Женевада ачылган жыйында Өзбекстандын ырасмий өкүлдөрү тартип коргоо органдарында иштегендердин абактагыларга болгон мамилесин көзөмөлдөп, аны укуктук жактан оңдоого багытталган ондогон документ, мыйзамдарды бетке кармап, акыбал кыйла жакшырганы тууралуу узун докладдар жасашты. Ташкендик жетекчилер кантсе да түрмөдөгү уруп-кыйноо фактылары дале бирин-серин кездешип калаарын моюнга алып, алар негизинен жеке окуя, же адамга байланыштуу көрүнүштөр деп белгилешти.
Алардын айткандарын Улуттар уюмунун адистери менен Өзбекстандык укук коргоочулардын маалыматы теңирден тескери чыгарды. БУУнун докладчысы Манфред Новак буларга токтолду.
- Туура мыйзамдар кабыл алынып, укуктук чаралар көрүлгөнү – кыйноолор жоюлду дегенди билдирбейт. Тескерисинче, биз уруп-кыйноо фактылары уланып жатканы тууралуу абдан көп маалымат алдык. Албетте, биз өкмөт мындай мыйзам актыларынын аткарылышынан күмөн санап турушун каалайбыз. Ошондуктан Ташкен - бизге көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, кырдаалды өз көзүбүз менен көрүп чыгууга мүмкүндүк бериши канчалык маанилүү экенин аңдаса жакшы болор эле.
БУУнун кыйноолорго каршы комитети даярдаган докладда Өзбекстан түрмөлөр менен тергөө изоляторунда кармалгандардын укуктарын кордоо жагынан катуу сынга кабылып, Евробиримдик дал ушул маселеден улам Ташкенге каршы санкциялар киргизүүнү талкууга алганын далилге келтирет. Бийликтегилердин дарегине сын айткандар куугунтукталып, эркин маалымат каражаттары кысмакка алынып, коомдук уюмдардын активисттеринин баскан-турганынан бери көзөмөлгө алынат, - деп айтылат докладда.
Женевадагы жыйынга катышып жаткан Өзбекстандык саналуу коомдук уюмдардын бири – Эзгуликтин өкүлү Василя Иноятова алар канча ирет бийликтегилерге түрдүү проблемаларды айтып кайрылганы менен, ырасмий Ташкен аларды көрмөксөн-укмаксанга салып келатканын белгиледи.
- Биз ондогон-жүздөгөн ирет бүгүн ушул жерде отурган жетекчилерге кайрылып, талкууга алынып жаткан көйгөйлөр туурасында билдирип келдик, эч ким кулак салган жок. Абактардагы уруп-кыйноо тууралуу канча жолу маселе көтөрдүк, бирөө да көңүл буруп койгон эмес.
Дагы бир Ташкендик укук коргоочу Сухробжон Исмоилов эл аралык уюмдардын аракеттери аз-аздан болсо да жемишин берип, кырдаалда жылыш бар деп басым жасады.
- Бүгүн Ташкендик делегация жасаган докладдагы маалыматтар эскирип кеткен деп эсептейбиз, Ошентсе да, биздин уюм кылмыш иштерин иликтөөдө кыйноолор азайганына көңүл бургусу келет. Жок дегенде тартип коргоо органдарында иштегендер кылмыш жасап, абакка түшкөндөрдү уруп-кыйнаса жоопко тартылаарын сезе баштады.
Анткен менен, Исмоилов ички иштер министрлигинде, же прокуратурада иштеген канча киши колуна түшкөндөрдү уруп-сабаганы үчүн жоопко тартылганын тактап айта алган жок. Андайлар азырынча жок, - деп жооп берди ал. Укук коргоочулар Анжияндагы коогалаңдан кийин эл аралык коомчулуктун катуу кысымы алдында өзбек бийликтери абактагылардын укуктары тууралуу бир аз ойлонууга аргасыз болгонун белгилешти, Ташкендин ырасмий өкүлдөрү Женевадагы жыйында Анжиян окуясын оозанышкан жок.