Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

...АЖЫЛАРДЫН СӨӨГҮ 19-20 КҮНДӨН КИЙИН ЖЕРГЕ КОЮЛДУ


Ажылык зыяраттан кайтып келатып Саударабстан чегинде автокырсыктан каза болгон кыргызстандык 21 ажынын сөөгү 1-2-февраль күндөрү Саударабстандын Даммам шаарында жерге коюлду. 2-февраль – жума күнү Кыргызстандын мечиттеринде алардын арбактарына багышталып куран окутулду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин телефон-байланышка чыккан жооптуу кызматкери Азамат Карагулов Саударабстандын Даммам шаарынан буларды билдирди:

- Ажылардын сөөктөрү 1,5 млн. калкы бар Даммам шаарынын “Макбар Дамам” деген чоң көрүстөнүнө коюлду. Сөөк коюу расмиси 1-февралда башталды. 2-февралдын таңында багымдат намазынан кийин кайра улантылды. Эреже боюнча биринчи аялдар коюлат экен, анан эркектер. Жаназага 700дөй адам катышты. Алардын арасында бекзаадалар, Даммам шаарынын имамы да бар.

Автокырсыктан каза болгон кыргызстандык ажылардын сөөктөрүнүн жерге көмүлбөй өтө узак – 19-20 күн ошо Даммам шаарында турушу маркумдардын жакындары эле эмес, жалпы кыргызстандыктарды бушайман кылып келгендиги ырас. Сөөктү жерге бербей узак кармоо шариятта кандай бааланарын Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жумановдон сурадык.

“Эгерде сөөктү эч себеби жок узак кармашса - бул шариятка каршы келет,” - деп эскертти муфтий.

Кыргызстандык ажылардын жасааттары негизинен эки себептен узак убакыт кармалды. Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин деректири Жолборс Жоробеков белгилегендей, биринчиси кырсыкка байланыштуу Саударабстандын изилдөө иштери өтө көп болот экен. Экинчи себеби - каза болгон ажылардын үй-бүлө, тууган-уруктары сөөктөрдү атактуу Мадина же Меке шаарларына коюу жагын суранышып, ошол сураныч Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Саударабстан мамлекеттик бийлигине жиберилген эле. Жасаттар кармалып турган Даммам шаары менен Меке, Мадинанын аралыгы 1,5 миң чакырымга жакын аралык болгондуктан жана 21 адамдын сөөгүн ал жакка учак менен гана ташып алпаруу мүмкүн болгондуктан, маселе Саударабстандын Королунун деңгээлинде чечилиптир. Башкача айтканда сураныч четке кагылыптыр. Кыргызстандык өкүлдөр соңку бир жума бою Королдун жообун күтүп жатышкан болчу.

Те мурда Саударабстандын королу каза болгондо да анын сөөгү Мадина же Меке шаарларына алпарылбай, ошо каза тапкан шаарга коюлуптур. Көрсө, Саударабстандын ар бир жери ыйык эсептелет экен.

2-февраль – жума күнү шейит кеткен ошол 21 кыргызстандык ажынын арбактарына багышталып Кыргызстандын мечиттеринде куран окуу расмилери өткөрүлдү.

Саударабстандын Даммам шаарында жерге коюлган шейиттер ажылык зыяраттан соң Дубай аэропортуна кайтып келатып Саударабстан чегинен чыгаарга 30 чакырымдай калган кезде 12-январь күнү автокырсыктан каза болушкан. Бирок, маркумдардын жакындарынан топурак салганга – Саударабстанга эч ким бара алганы жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, муфтияттын өкүлдөрү гана катышты.
XS
SM
MD
LG