Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:09

Ак-Ордодогу эки адам өлтүрүлгөн окуянын жаңы жагдайы айтылды


Дайырбек Орунбеков тараткан сүрөт.
Дайырбек Орунбеков тараткан сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Бишкектин Ак-Ордо конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын ырастады.

Ал "Соцсеттерде “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?”-деген пикирлер жазылып жатат", - деп, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системасынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөнүн белгиледи.

"Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн. Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү", - деди Орунбеков.

Мунун алдында ИИМ шектүүнү кармаганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга тарап, анын сүрөтү да жарыяланган.

Министрлик бул тууралуу расмий маалыматын бере элек.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү болгон. Милициянын маалыматында, Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 36 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон жерден дагы бир аял балдары менен качып чыгууга үлгүргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG