Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:30

ООГАН КОРГОО МИНИСТРИ: ӨЛКӨДӨ КООПСУЗДУК КЫРДААЛЫ ЖАКШЫРУУДА


Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак НАТО жетекчилиги менен Брюсселде сүйлөшүү жүргүздү. Кечээ (дүйшөмбү күнү) кечинде ал НАТОнун башкеңсесинде маалымат жыйынын өткөрүп, Ооган улуттук армиясы жакынкы төрт-беш жыл ичинде өлкөнүн коопсуздугун толук көзөмөлдөгөн аскер күчүнө айланат деген ишеничин билдирди. Ооган министринин оюнча, жергиликтүү армиянын кубатына туруштук бере албай, кас душман жанкечтилик сыяктуу жаңы аргаларга барууга мажбур болууда.

НАТОнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн соң өткөргөн маалымат жыйынында Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак өз атажуртундагы коопсуздук кырдаалына Батышта айтылып жүргөндөгүдөн кыйла айырмалуу баасын берди. Анын оюнча, соңку айлардагы террордук чабуулдардын кескин күчөшү тек гана өлкөнүн кас душмандарынын тактикалык ыкмаларды өзгөртүүгө мажбур болгондугу менен түшүндүрүлөт. Бул өзгөрүүлөр, Вардактын оюнча, Ооган улуттук армиясынын кубатынын улам өсүп жатканына байланыштуу:

- Соңку тапта зомбулук иш-аракеттер көбөйүп кетти. Душман согуш талаасында биздин жоокерлерге такаат кыла албай калды, ошондуктан алар террордук тактикага өтүп, өздөрүнө жеңилирээк буталарга катылууда. Мындан улам өлкөдө коопсуздук кырдаалы курчуп кеткендей сезилет, бирок, менимче, мындай тыянакка келүүгө эртелик кылабы дейм.

Ооган коргоо министри расмий Кабулга каршы жасалып жаткан козголоң аракеттерин жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмес, негизинен, келгиндер жүзөгө ашырууда деп санайт:

- Өзүн бомба менен жардырган жанкечтилик – жаңы көрүнүш болуп калды. Биз, оогандар, өзүнүн жанын өзү кыйуу – күрөш жолу деп аңдабайбыз, аны биз коркоктор жасай турган арга деп түшүнөбүз. Ооганстанда орун алган жанкечтилик кол салуулардын ичинен бир гана жолкусун оогандык жүзөгө ашырганы тастыкталды. Калган жанкечтилик чабуулдардын бардыгын чет өлкөлүктөр жасап келди.

Вардак мырзанын оюнча, жанкечтилик кол салуу усулун жергиликтүү оогандар жактырышпайт. Министр болочокто жанкечтилик чабуулдарды ооздуктоонун жолдорунун бири катары чек араны чыңдоо, чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундар жана Пакистан өкмөтү менен кызматташтыкты өөрчүтүү чараларын атап өттү.

Ооган коргоо министри Вардак террорго каршы эл аралык коалициянын аскерлерине жана НАТОго алкыш сөзүн айтып, жакынкы төрт-беш жылда Ооганстан улуттук армиясы өлкө коопсуздугун чет өлкөлүк шериктеринин жардамысыз эле камсыз кылып калышы ыктымалдан алыс эмес деген оптимисттик маанайы менен бөлүштү.

Бирок Министр Абдул Рахим Вардак Ооганстандагы коопсуздук кырдаалынын кандай нукка бурулаарын так кесе айтып жоромолдоо да, чын-чынына келгенде, кыйын экенин кошумчалай кетти.

XS
SM
MD
LG