Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

КТР: ӨЗГӨРҮҮ БАР, БИРОК...


Азиза Турдуева, Бишкек Март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоо демилгеси көтөрүлгөнү белгилүү. Буга байланыштуу Улуттук телерадиокорпорацияда да айрым өзгөрүүлөр болуп, ага ар кандай көз караштар айтылууда. Ошол эле учурда жамаат ичинде пикир келишпестиктер да жок эмес.

Соңку кезде Кыргыз телерадиокорпорациясында айрым өзгөрүүлөр орун ала баштагандыгы байкалууда. Айрым пикирлерге караганда, КТРдин берүүлөрү мурдагыга караганда оперативдүүлүгү жана бийликти аша чаап жактабагандыгы менен айырмалана баштады. Байкочулардын баамында, бирок Улуттук телекөрсөтүүдө кемчиликтер да жок эмес. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосунун кабарчысы Султан Жумагулов мындай пикирде:

- КТРде бир топ өзгөрүүлөр орун ала баштады. Берүүлөрү оперативдүү, калыс боло баштады, эл аралык стандарттарга жооп бере баштады. Бул эми чоң жетишкендик. Албетте, аябай чоң өзгөрүү болгон жок. Бирок алдыда дагы өзгөрүүлөр болот деген ишеним бар. Ал үчүн убакыт керек.

Ал эми «Асаба» партиясынын жетекчисинин орун басары Дөөлөт Нусупов болсо КТРдеги өзгөрүүлөр боюнча мындай оюн айтты:

- Азыр эми КТРди эл көбүрөөк көрө баштады. Анткени, чындыкты чагылдырган берүүлөр көрсөтүлө баштады. Бирок өтө эле чоң өзгөрүүлөр болуп жатат деп айтуудан деле алысмын.

«Журналисттер» коомунун төрагасы Кубан Мамбеталиевдин пикиринде, КТР мурдагыдай эле ак үйдүн көрсөтмөсү боюнча иштеп жатат:

- КТР эч качан өзгөртүлбөйт. Жетекчилигине «Азаттыктан» Кыяс Молдокасымов келгени менен деле, ак үйдүн көрсөтмөсү боюнча иштөө улантылууда.

Ошол эле учурда Улуттук телерадикорпорациясынын жетекчиси Кыяс Молдокасымов бийлик тарабынан кандайдыр бир кысым көрсөтүү болбогонун айтат:

- Менин иштегениме эки ай болду. Бир жолу да Акүй тарабынан кандайдыр бир кысым же көрсөтмө болгон жок. Тескерисинче, алар улуттук телеканалга, радиого болгон элдин ишеничин арттыргыла, ушул багытта иштегиле, деген пикирлерин айтып жатышат. Азыр “Алатоо” программасында, «Замана» студиясында өзгөрүүлөр, жаңы иш-аракеттер башталды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө КТРдин жамаатынын ичинде кандайдыр бир пикир келишпестиктер жок. Ал эми «Замана» студиясынын мурдагы продюсери Азима Абдумоминова КТРдин жетекчилиги ээлеген кызматынан мыйзамсыз алгандыгы үчүн сот кайрылаарын «Азаттыкка» билдирди.

22-ноябрда «Интерньюс» коомдук бирикмесинин КТРден берилип келген «Заар калем» аттуу берүүсү эфирден чыкпай калды. Аны бирикме КТРдин жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн цензура катары баалашты. Бул жөнүндө «Заар калем» берүүсүнүн алып баруучусу Динара Сүймалиева мындай дейт:

- Менин пикиримде, бул жерде КТРдин жетекчилигинин цензурасы болушу мүмкүн. Же болбосо, Ак үй тарабынан телефон чалуулар болушу да ыктымал. Анткени, маалымат каражаттарына кысым көрсөткүсү келген чиновниктер көп эмеспи.

КТРдин президенти Кыяс Молдокасымов аталган берүүнүн эфирден алынышын анын мазмууну менен байланыштырат:

- «Заар калем» берүүсүнүн шейшембиде чыкпай калгандыгынын себеби, анын мазмунуна байланыштуу болду. Анткени, биз көрсөк, бул берүүдө, кыргыз эли өзүнүн тарыхын билбеген, “Манасты” ойлоп тапкан эл деген пикирлер бар экен. Бул жалпы эле элди, анын тарыхын шылдыңдоо. Ошондуктан, мындай берүүнү чыгарууну биз туура көргөн жокпуз.

Кээ бир саясатчылар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү белгилешкендей, КТРдин берүүлөрүнүн сапаттарын жакшыртуу үчүн анда иштеген журналисттердин эмгек маянасын жогорулатуу зарыл. Маалыматтарга караганда, КТРдин журналисттеринин орточо эмгек маянасы 800-900 сомду түзөт.
XS
SM
MD
LG