Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:18

БОРБОРДУК АЗИЯ АНЖЫЯН ОКУЯЛАРЫНА КАБАТЫР


Соңку маалыматка караганда, Өзбекстандын Анжыян облустук акимиятынын кеңсеси нааразылык иш-чарасына чыккандардан күч колдонуу менен бошотулуп алынды. Анжыян шаарында топтолгон миңдеген демонстранттар өкмөттөн «мыйзамсыз диний топторго мүчө болгон» делген айып менен камакка алынган кишилердин баарын боштондукка чыгарууну талап кылышкан. Ал эми Өзбекстандын коңшулары Анжыяндагы окуяларга кабатырлануу менен мамиле кылууда. Тажикстан жана Кыргызстан өздөрүнүн Өзбекстан тараптагы чек арасын убактылуу жапты.

Маалыматка караганда, демонстранттар Анжыян абагындагы өтө көп сандагы кишилерди жумага караган таңда куралдын күчү менен бошоткон. Эркиндикке чыгарылгандардын арасында «Акрамия» деп аталып, мыйзамсыз таанылган диний уюмга таандык деп айыпталып, камалган 23 ишкер да бардыгы айтылууда. Анжыян облустук акимиятынын кеңсесинин жанында котологон демонстранттар андан соң диний себептер менен кармалгандардын баарын тең абактардан бошотуу талабын койду.

Өзүн Анжиян облустук акимиятынын кеңсесинде турган демонстрант катары тааныштырган бир киши «Азаттыкка» өз талаптары тууралуу жума күнү эртең менен мындай деп айткан болчу:

- Биз тынч мүнөздөгү талаптарды коюп жатабыз. Маселен, биз Орусиянын өкмөтүн Анжыян шаарындагы окуяларга кийлигишүүгө чакырабыз, анткени алар биздин көйгөйлөрдү дурус билет.

Расмий Ташкендин маалымдашынча, алтүндө ок атышуулар маалында 9 киши өлүп, 34 киши жаракат алган. Бул маалыматты көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Жума күнү Өзбекстандын расмий өкүлдөрү Анжыян шаарында нааразылык аракетин улантып жаткандар менен сүйлөшүү аракетин жүргүздү.

Сүйлөшүү аракети жасалып жатканына карабастан, жума күнү шаарда ок атышуулар улантылды. Ал эми жума күнү кечкурун Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү БТР сыяктуу аскердик техникалардын жардамы менен демонстранттарга каршы күч колдонгону, алардан облустук акимияттын кеңсесин кайра бошотуп алганы айтылууда. Набыт болгондор, жаракат алгандар тууралуу так маалымат алууга азырынча мүмкүн болбоду.

Бул соңку дүрбөлөңдүү окуялар Борбордук Азиядагы башка коңшу өлкөлөрдү да кабатырлантууда. Анжыян шаары жайгашкан Фергана чөлкөмү көптөн бери расмий Ташкенге ачык каяша айткан топтордун аймагынан болуп келет. Расмий Ташкенди сындагандардын бир даары ислам туусуна жамынып, аймакта шариятка негизденген мамлекет – халифатты түзүүнү көксөйт.

Мындай идеяны туу туткан уюмдардын бири – «Хизбу-т-Тахрир» партиясына аймактагы өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө тыйуу салынган.

Тажикстандын президентинин кеңешчиси Эсамуддин Салахиддинов «Азаттыкка» берген маегинде Өзбекстандагы соңку окуяларды уюштургандардын бири – дал ушул «Хизбу-т-Тахрир» уюму болду деп айтып, маалымат булагы катары чалгын кызматтарына шилтеме кылды.

- Биз коңшубуз Өзбекстандын Анжыян шаарындагы окуяларга кабатырланып жатабыз. Бирок бул сыяктуу окуялар Тажикстанда орун албай тургандыгы да анык.

Ал эми «Хизбу-т-Тахрир» уюмунун Лондондогу басма сөз өкүлү Имран Вахид болсо өз уюму халифат үчүн тынч жол менен гана күрөшөөрүн айтып, Анжыяндагы окуялар тууралуу аймактагы өкүлдөрүнүн баяндамасын күтүп жатышканын билдирди.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мурат Карыбаев болсо Анжыяндагы окуялар – коңшу өлкөнүн ички ишине жатаарын айтты:

- Жапа чеккендердин арасында Казакстандын атуулдары жок, андан башка эч нерсе айта албайм, анткени бул окуялар – башка өлкөнүн ички ишине жатат.

Орусия да бул аймакка өзгөчө тынчсыздануу менен сересеп салууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун оюнча, расмий Ташкен кырдаалды акырындап жөнгө салууда:

- Биринчиден, бул - Өзбекстандын ички иши. Биз бул өлкөдөн келип жаткан маалыматтарды кылдат иликтөөдөбүз. Соңку түшкөн маалыматтар бул өлкөдө кырдаал турукташа баштаганын айгинелейт.

Жума күнү Орусиянын тышкы иштер министрлиги нааразылык кылгандардын иш-аракетин «экстремизм» деп айыптады.

Кыргызстан бийлиги, мурда кабардалгандай, Өзбекстан менен чек араны убактылуу жаап койду.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов «Азаттыктын» кабарчысы менен маек куруп, коңшу өлкөдөгү кырдаал кылдат иликтенип жатканын, Анжыяндагы абактан бошотулгандардын жана демонстранттардын жалпы саны тууралуу өзүнүн так маалыматы жоктугун билдирди:

- Эми ар кандай маалымат келип жатат, 4 миңдей дейт, миң дейт, 500 дейт. Аны толугу менен эч ким айта албаса керек. Бирок Өзбекстандын ички иштер министрлиги чара көрүп жатса керек. Азырынча биз караштырып көрөбүз го, ситуация өзгөрүп кетеби, же ошентп эле тынчып калабы, азыр айтуу эртерээк ко дейм.

Ал эми казакстандык адис Досым Сатпаевдин айтымында, Өзбекстан бийлиги өлкө ичиндеги демократиялык оппозицияны таптакыр таш-талкан кылып койгон соң, эми ал диний ашынган топтор менен көбүрөөк алектенгенге аргасыз болууда.

Европа өлкөлөрүнүн биринде бозгунда жүргөн өзбекстандык саясатчы, оппозициячыл «Эрк» партиясынын жетекчиси Мухаммад Салих болсо «Азаттык» үчүн курган жума күнкү маегинде өз партиясы бул жаңжалды тынч жол менен чечүү үчүн арачы болууга даяр экенин билдирген:

- Бул кырдаалда анча-мынча жабыр тартуу менен акыбалдан чыгуунун мүмкүнчүлүгү дагы эле бар. «Эрк» партиясы - Анжыян жаңжалын тынч жол менен чечүүнү колдойт. Биз жаңжалдашкан тараптарга арачы болуу үчүн ниетибизди жана муну жүзөгө ашырууга даяр экендигибизди жарыялайбыз.

XS
SM
MD
LG