Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:18

КЕНИЯЛЫК ЭКОЛОГ ВАНГАРИ МААТАЙИ – НОБЕЛДИК ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫНЫН ЭЭСИ


Бүгүн, жума күнү, Нобелдик тынчтык сыйлыгынын ээси аныкталды. Кениялык эколог Вангари Маатайи (Wangari Maathai) бул сыйлыкка ээ болгон алгачкы африкалык айым болуп калды. Африканын чыгышындагы өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары кызматын аркалаган бул айым ондогон жылдар бою токойлору кыйылып, жаратылыш байлыгы бүлгүнгө учурап жаткан Африканын көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлде козгоп, тийешелүү чараларды көрүүгө демилгечи болуп келгени үчүн бул жогорку сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Жума күнү Норвегиянын беш мүчөдөн турган Нобел комитетинин жетекчиси Оле Данболт Мйөйес (Ole Danbolt Mjoes) Осло шаарында быйылкы Нобелдик тынчтык сыйлыгынын ээсин салтанаттуу түрдө жарыя кылды:

- Норвегиянын Нобел Комитети 2004-жылдын Нобелдик тынчтык сыйлыгын Вангари Маатаиге анын ырааттуу калыпта өнүгүү, демократия жана тынчтык жараянына кошкон салымы үчүн ыйгарууну чечти.

Айтмакчы, быйылкы сыйлык ээсине 1 миллион 300 миң доллардай акчалай сыйлык да берилмекчи.

64 жаштагы Маатаи айым Африка континентиндеги айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талбаган мээнети, ошондой эле, демократиялык жараянга кошкон салымы үчүн бул жогорку сыйлыкка татыганы Нобел комитети тарабынан айрыкча белгиленди.

Норвегиянын Нобел комитетинин жетекчиси Мйөйес:

- Бул айым Африкадагы ырааттуу калыпта өнүгүү, демократия жана тынчтык үчүн күрөшкөн бардык кишилерди шыктандырган өрнөк жана булак болуп келди.

Кесиби боюнча биолог Маатаи айым 1977-жылы «Жашыл курчоо» деген экологиялык кыймылды негиздеген. Африкада адамдын иш-аракетинен улам ойрон болгон токойлуу аймактардагы жаратылыштын тең салмактуулугун калыбына келтирүү үчүн Маатаи айым 30 миллиондой дарактын көчөтүн тиктирген кыймылга демилгечилерден болгон. Андан тышкары Вангари Маатаи Африканын чордонундагы жана чыгышындагы аялдардын ичинен алгачкы жолу доктордук илимий даражага ээ болгон айым катары белгилүү.

Нобелдик тынчтык сыйлыгын алгандыгы тууралуу жаңылыкты уккан Маатаи айым мындай кабарды эч күтпөгөндүгүн билдирди. Чынында да, бул сыйлыкка талапкер болгон башка 193 киши да мындай жаңылыкты күтпөсө керек. Маатаинин атаандаштарынын арасында Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк кубатка көзөмөл жүргүзгөн агенттигинин деректири Мохаммед эл-Барадейи да бар болчу. Мурдагы советтик өзөктүк куралдарды жоюу өнөктүгүнө салым кошкон АКШ сенатору Ричард Лугар жана мурдагы сенатор Сэм Нанн да талапкерлердин тизмесинде бар эле.

Алгачкы Нобелдик тынчтык сыйлыгы 1901-жылы эки талапкерге – франциялык алгачкы тынчтык коомун негиздеген Фредерик Пасси менен Эл аралык Кызыл Чырым кайрымдуулук уюмун негиздеген швейцариялык саясатчы Жан Генри Дунанга ыйгарылган болчу. Бул сыйлыкка татыган даңазалуу инсандардын арасында орус укук коргоочусу, академик Андрей Сахаров, албан диниятчысы Тереза Эне, түштүк африкалык Нелсон Мандела, Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан жана башкалар бар.

Үстүбүздөгү аптада медицина, физика, химия жана адабият тармагындагы Нобелдик сыйлыктардын ээлери аныкталганын мурда кабардаган элек. Эми быйылкы Нобелдик сыйлыктардын эң соңкусу – экономика тармагындагысы – алдыдагы дүйшөмбү күнү өз ээсин тапмакчы.

XS
SM
MD
LG