Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

FT басылмасы Трамп Путин менен жолугушуудан эмне үчүн баш тартканын жазды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин Будапештте өтөт деп пландалган жолугушуусу Вашингтон тараптан токтотулган. Ак үй мындай чечимге Москва америкалык администрацияга "Украинага карата катаал талаптар" жазылган документтерди жибергенден кийин келгенин Financial Times басылмасы булактарына шилтеме кылып жазды.

FT маалымдагандай, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жиберген меморандумда согуштун "түпкү себебин" жок кылуу, Киевден аймактык чегинүүнү, Куралдуу күчтөрүн кыскартууну, НАТОго мүчөлүктөн баш тартууну талап кылуу тууралуу жазылган. Ошондой эле Москва Донбасска толук көзөмөл кылуу дымагын билдирген.

Меморандумдун долбоору жиберилгенден кийин АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөшкөн. Натыйжада Рубио Трампка Москва сүйлөшүүлөргө даяр эместигин билдирген. Басылманын булагы АКШ президенти Орусиянын позициясына "ыраазы болбогонун" белгилеген.

Трамп жолугушуу болбой калганын 22-октябрда билдирген. "Мага бул туура эместей сезилди. Анткени биз көздөгөнүбүзгө жетчүдөй эмеспиз. Ошондуктан мен жолугушууну токтоттум. Бирок биз кийинки жолу аны ишке ашырабыз", - деген Трамп.

Путин Трамптын чечимин комментарийлеп, "Кандайдыр бир чатак, талаш же согуштан көрө диалог жакшы" деп айткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG