-
Венера Сагындык кызы
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.
Урматтуу угармандар! Эми сиздерди ар башка өлкөлөрдө окуп-иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктарды Интернет аркылуу байланыштырып, аңгемелештирген "kyrgyz.us" сайтынын түзүүчүсү Улан Мелисбек менен маекти угууга чакырабыз. Бу жолку маек "kyrgyz.us" сайтынын тегерегинде соңку кездери ар башка Интернет-баракчаларда жарыяланган билдирүүлөр, жагымсыз жагдайлар туурасында сөз болот.