Бишкектеги Биринчи май райондук соту ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу анын адвокаты Асел Аргымбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ташовдун соту былтыр октябрда башталган.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ташовду былтыр апрелде камакка алган. Атайын кызмат издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.
Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы маалымдалган.
Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.
Жаза аткаруу кызматы ишкердин дооматтарын четке каккан.
Шерине