Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ИРАКТЫК ТУТКУНДАРГА КАРАТА ЖАСАЛГАН ЗОМБУЛУКТУ «ЖИЙИРКЕНИЧТҮҮ ИШ» КАТАРЫ АЙЫПТАДЫ


Ирактагы айрым америкалык жоокерлердин абакта кармалгандарды кемсинткен кылык-жоруктары менен байланыштуу окуяга карата президент Жорж Уокер Буш да өзүнүн кескин сын пикирин айтты. АКШ президенти араб сыналгы каналы үчүн курган кечээки маегинде бул окуяны “ыплас иш” катары айыптады.

Багдаддын жанында жайгашкан Абу Грайиб түрмөсүндө бир нече айдан бери кармалып жаткан ирактыктар абакты кайтарган айрым америкалык жоокерлердин мазактоосуна дуушар болгону эл аралык коомчулукта чуулгандуу окуя катары курч талкууланууда. АКШ президенти Жорж Уокер Буш кечээ (шаршембиде) араб тилиндеги «ал-Хурра» аттуу сыналгы каналы үчүн маек куруп, мындай жарамсыз ишке барган бир ууч америкалык жоокерди жалпы АКШ элинин өкүлү катары кароого мүмкүн эместигин айтып, алар өз кылмышы үчүн адилет жазага кириптер болоорун эскертти:

- Ирак эли алиги ыплас жоруктарды мен жийиркеничтүү деп карай турганымды түшүнүүгө тийиш. Ошол абакта орун алган нерсе мен билген Американы аңдатпай турганын алар түшүнүүгө тийиш.

Мурдагы аскер жетекчиси, азыркы тапта АКШнын тышкы саясатын башкарган Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл да Абу Грайиб түрмөсүндө орун алган жосунсуз жоруктарды айыптады:

- Биз – адилеттикке ишенген улутпуз. Биз мыйзам аркылуу башкарылган улутпуз.

Пауэллдин айтымында, бул уятка калтырчу жорукту алиги түрмөдөн башка эч бир жайда, АКШнын эч бир аскер бөлүгүндө учуратууга болбойт.

Расмий Вашингтондун маалымдашынча, ушул тапта туткундардын өлүмү менен байланыштуу он чакты тергөө иштери жүрүп жатат, алардын арасында Абу Грайиб абагына таандык иштер да бар.

АКШ каржылаган араб сыналгы каналы обого чыгарган кечээки маегинде президент Буш Ирактагы бийлик үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилээрин дагы бир жолу тастыктады.

- Ирак эли 30-июнда өздөрүнө эгемендик өткөрүлүп бериле турганын аңдашы керек.

Америкалык аскер чөйрөлөрүнүн айтымына караганда, Багдаддагы бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилгенден кийин да, АКШнын 138 миңдей аскери дээрлик бир жарым жылдай убакытка өлкөдө кала бермекчи.

Ал эми Абу Грайиб түрмөсүндөгү окуялар ирактыктардын, араб жана мусулман өлкөлөрүнүн калктарынын гана эмес, эл аралык кеңири коомчулуктун да нааразылыгын жаратты. АКШдагы укук коргоочулар да ыплас зомбулукка барган жоокерлерди тез арада жазага тартууга Вашингтонду чакырууда.

XS
SM
MD
LG