Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

ЫЙСА ПАЙГАМБАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ


Ыйса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда жалпы элдик майрам катары жарыяланган. Бул күнү жылдагыдай эле православдык багыттагы христиандар Бишкектеги Башкы чиркөөдө жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынуу каадасына чогулушту.

Кыргызстандык христиандарга президент Аскар Акаев, Москва жана бүткүл Орусия чиркөөсүнүн патриархы Алексий II, Бишкек жана Борбор Азия метрополити Владимир, Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Муратаалы Жуманов жана башкалар куттуктоолорун жолдошкон.

Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө арналган салтанаттуу сыйынуулар Бишкектеги христиандардын башкы чиркөөсүндө үч ирет болуп, бул күнү чиркөөгө каттагандардын аягы суюлган жок.

Бишкек чиркөөсүнүн башчысы Ата Павелдин айтымында, «адамдын күнөөсүнөн бизди арылтуу үчүн Христос келген күн кылымдар бою маңызын өзгөртпөй турган майрам». Ошондуктан, христиандар үчүн майрам салтанаттуу сыйынуулардан башталат.

Рождествону майрамдоо учурунда чиркөөлөр тарабынан христиандарга ар кандай тыюу салуулар болбойт, анткени, бүгүнкү күндөн баштап кырк күндүк ооз бекитүүнүн мөөнөтү бүтөт.

- Чиркөө майрамды чектебейт, - дейт Павел. - Христостун туулган күнүнө кубанып, конокко барып, бири-бирин майрамы менен куттуктап, көңүл ачса болот. Бирок, жоромол жасоого, баш айлантып, көз будамайлоого болбойт. Булар кудайдын жана христианчылыктын мыйзамдарына каршы келет.

Кыргызстанда учурда 44 чиркөө бар. Айрым байкоочулар эгемендик менен бирге протестанттык агымдагы уюмдардын көбөйүшү православдык бутактын таасиринин азайганын айтышат. Бирок, өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов мындай пикирге кошулбайт. «Тескерисинче, 44 чиркөөнүн 15и эгемендик жылдарында пайда болду», - дейт ал.

Кыргызстанда учурда протестанттык агымдагы 100дөн ашык уюмдар бар. Бирок, алар Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жаткан православдарга тилектештигин билдиришкен жок. Ошентсе да, диний жетекчилер диний ырым-жырымдарга байланышкан пикир келишпестиктер Кыргызстандагы конфессиялар ортосундагы сабырдуу мамилеге доо кетирбейт деген ишенимде. Бул тууралуу Ата Владимир мындай дейт:

- Биз баары менен ынтымакта жашайбыз. Ар ким кудайга өзүнүн каалоосуна жараша сыйынат. Алар бизге, биз аларга тоскоол кылбайбыз.

Ал эми дин комиссиясынын башчысы Өмүрзак Мамаюсупов христиандар ортосундагы проблемалар православдар менен мусулмандар ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейт, бул эки диндин ортосундагы салттуу ынтымак-ырашкерлик улана берет дейт:

- Көйгөйлөр православдар менен мусулмандардын ортосундагы мамилеге таасир этпейт. Экөөнүн ортосундагы эл аралык деңгээлдеги кызматташтык улана берет. Бирок, диний жаңы агымдар да ушул эки диндин мамилесиндеги тажрыйбаны, тарыхый шарттарды эске алышы туура болоорун биз дагы сүйлөшкөндө айтып атабыз.

Статистикалык маалыматтарда православ багытына ыктагандар калктын 18 % жакынын түзөт. Ал эми чиркөө башчысы Ата Павел: «Бул - азайтылган көрсөткүч», - дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG