Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:42

ИРАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН ҮЧ ЖЕТЕКЧИСИ КАМАККА АЛЫНДЫ


Мындан төрт жыл илгери, 1999-жылдын 9-июлунда Иранда бийликтеги эскичил диниятчыларга каршы ири чыгуу болгон эле. Шаршембиде өлкө полициясы жаштар ошол окуялардын төрт жылдыгын белгилеп, кайра көчөгө чыкпасын үчүн алдын-ала коопсуздук чараларын күчөттү. Студенттик кыймылдардын жетекчилери болсо өз мүчөлөрүнө залал келтирип албоо үчүн шаршембиге белгиленген демонстрациядан баш тартышты. Үч студент жетекчи шаршембиде камакка алынды.

Ынтымакты чыңдоо кеңсеси деп аталган студенттик башкаруу тобунун үч өкүлү – Амири Насаб, Али Мугтадери жана Араш Хашими шаршембиде Тегеранда чет өлкөлүк журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрөөр замат камакка алынышты. Алар басма сөз жыйыны маалында президент Хатамини “реформа жүргүзбөй жатат” деп сынга алып, ал эми эскичил диниятчылар көзөмөлдөгөн сот бийлигин “сөз эркиндигине кысым жасап жатат” деп айыпташкан.

Өткөн айда Тегеранда студенттер менен жаштардын бир нече күнгө созулган массалык чыгуулары болуп өттү. Он миңдеген студенттер Тегеранда эле эмес, башка негизги шаарларда да өкмөткө каршы демонстрациялар өткөрүшүп, демократиялык реформаларды талап кылышты. Алардын 4 миңдейи ар кыл мөөнөткө камакка алынды.

Июлдун 9унда да студенттер Тегерандагы Бириккен Улуттар уюмунун өкүлчүлүгүнүн кеңсесинин маңдайына келип, 1999-жылкы массалык чыгуунун жылдыгын белгилөөгө камынышкан. Бирок студенттик уюмдардын жетекчилери шаршембиде көчөгө чыкпоо тууралуу чечим кылышты. Алардын бири Ройтерс кабар агенттигине маек куруп, эскичил диниятчыларды жана мажирөө өкмөттү колдогон күчтөр провокация даярдашканын алдын-ала билип, студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн демонстрациядан баш тартууга аргасыз болушканын айтты.

Айрым студенттик жетекчилер өткөн айдан бери кармалып кетип, алигиче дайынсыз кала берүүдө, - дейт өз атын атагысы келбеген студент. Карапайым ирандыктардын бир даары эгерде шаршембиде да студенттер көчөгө чыкса, аларды колдоого алаарын билдиришкен болчу.

Учурдагы президент Мухаммед Хатами реформачыл канаттын бараандуу өкүлү катары бийликке келген менен, анын саясий мажирөөлүгү нечендеген тарапкерлеринин көңүлүн калтырды. Иран боюнча адис, Лондондогу “Экономист интеллиженс юнит” аттуу иликтөө борборунун өкүлү Нейл Пэтрик 2001-жылы президенттикке кайра шайланган Хатаминин азыркы жагдайын “Азаттыктын” кабарчысына мындай деп сыпаттайт:

- Менимче, кишилер ал кайра шайланган кезден тартып эле ага нааразы болуп келишет.

Быйылкы июндагы массалык чыгуулар төрт жыл илгеркиден алда канча кубаттуу болду. Алардын ураандарын салыштырсак, 1999-жылы рухий жолбашчы айатолла Али Хаменейиге каршы акаарат келтирүү көрүнүшү жок болчу. Быйыл болсо Али Хаменейи түгүл, реформачыл саясатчы делген президент Хатаминин жана анын бийликтеги жактоочуларынын наамына да шек келтирген, аларды мажирөө катары айыптаган арбын ураан чакырылды.

АКШ өкмөтү да студент демонстранттардын соңку реформачыл талаптарына тилектештигин билдирди. 15-июнда президент Буш Ирандагы окуяларга карата мындайча баасын берген:

- Бул – калайыктын Ирандын эркин турмушун каалаганын ачык билдире башташы. Менимче, бул – жагымдуу көрүнүш.

Айатолла Али Хаменейи, өз кезегинде, АКШны дүйнө жүзүнө өзүнүн диктатурасын орнотууга тырышып жаткан күч катары айыптап чыккан. Президент Хатами болсо сөз жүзүндө студенттердин демонстрацияга чыгуу укугун жактаган менен, ошол эле учурда коомдук тартипти сактап жатасыңар деп коопсуздук күчтөрүн да колдоого алган.

Бул шаршемби Тегеран үчүн демонстрацияларсыз, дээрлик тынч өттү. Бирок коомдогу реформачылар менен эскичилдердин тымызын тирешүүсү курчтугунан жазбай кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG