АКШ Европадагы өнөктөштөр менен макулдашылган жаңы схеманын алкагында Украинага курал-жарак жөнөтүү пакетин жактырды. Бул маалыматты Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Георгий Тихий бышыктады. Буга чейин Рейтер агенттиги булактарына таянып, сөз болгон курал жакын арада Киевге жиберилиши мүмкүн экенин кабарлаган.
Маалыматка ылайык, Пентагондун жетекчисинин саясат боюнча орун басары Элбриж Колби ар бири 500 миллион долларга бааланган куралдын эки партиясын жөнөтүүнү жактырды. Бирок аскердик жабдуулардын кайсы түрү тууралуу кеп болгону айтылган жок.
Жаңы механизмде НАТОго кирген өлкөлөрдүн эсебинен Украинаны америкалык курал менен камсыздоо каралган.
Сөз болгон макулдашуу тууралуу июлдун ортосунда жарыяланган. Маалымат каражаттары ошондо Киев куралдын кайсы түрүн аларын өзү аныктап, чыгымды НАТОнун мүчөлөрү өз ара бөлүшөрүн жазган.
АКШнын президенти Дональд Трамп июлда Вашингтондо аскердик блоктун баш катчысы Марк Рютте менен жолукканда Киевге абадан коргонуучу 17 "Пэтриот" системасы берилерин, алар "тез арада" майданга жеткирилерин айткан. Ачык маалыматка караганда ушул тапта Украинада мындай жети система бар.
Шерине