Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

“Чоң жети” өнөктөштөрдү алыстаттыбы?


"Чоң жетинин" сүйлөшүүсү. 9-июнь, 2018-жыл.
"Чоң жетинин" сүйлөшүүсү. 9-июнь, 2018-жыл.

Ушул дем алышта Канадада өткөн “Чоң жети” саммити АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн ортосундагы ажырымды бүтөй алган жок. Тескерисинче, мурунку экономикалык өнөктөштөрдүн ортосунда соода талашы мурдагыдан да катуу күч алышы мүмкүн болуп турат.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен анын “Чоң жетидеги” өнөктөштөрүнүн ортосундагы мамиле күтүлбөгөн жерден бузулду окшойт.

Алгач “Чоң жети” саммити салыштырмалуу ийгиликтүү эле өткөнү айтылып жаткан. "Бардык маселелерде орток бүтүм табылбаганы менен өз ара түз жана ачык сүйлөшүүнүн өзү эле - бул саммиттин башкы артыкчылыгы" деп айткан Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

- Менин оюмча биз абдан ачык жана түз талкуу жүргүзө алдык. Бизде мындай талкуулар ар дайым болуп келген. Соода тармагында да туура жолдобуз. Чогуу иштеп, талкуулап, бардык тараптарга, биздин элге, биздин эмгекчилерге, орто класска пайдалуу жол издегенге умтулганыбыз көрүнүп турат, - деген эле ал.

Француз президентин коштоп, Дональд Трамп да бул саммитти ийгиликтүү деп баалап жаткан:

- Көптөн бери АКШнын Европа менен абдан чоң соода тартыштыгы бар. Биз бул маселени чечүү аракетиндебиз. Бул жагынан Эммануелдин жардамы чоң. Өзгөрүүлөр болот. Менин оюмча, жакшы өзгөрүүлөр. Биз Түндүк Америка эркин соода келишими боюнча да Канаданын башчысы Жастин Трюдо жана анын өкүлдөрү менен жакшы сүйлөшүү өткөрдүк.

Бирок чынында Дональд Трамп менен Жастин Трюдонун сүйлөшүүсү канчалык жакшы өткөнүн айтуу кыйын. Анткени Трамп Канададан учуп кетээри менен Канаданын премьер-министри басма сөз жыйынын өткөрүп, АКШны катуу сындап чыкты. Анын башкы себеби - Кошмо Штаттардын Европа, Канада жана Мексика үчүн жаңы тарифи болду. Ага ылайык 1-июндан тартып бул өлкөлөрдө өндүрүлгөн болотту АКШга алып келүүдө 25%, ал эми алюминий үчүн 10% өлчөмүндө жаңы тариф коюлган.

Жастин Трюдо.
Жастин Трюдо.

- Мен президентке түз айттым: АКШ күтүлбөгөн жерден биздин болот менен алюминийге бажы тарифин көтөргөнү канадалыктарга жаккан жок. Өзгөчө жакпаганы – мунун баарын улуттук коопсуздук маселеси менен актап жатканы. Канадалыктардын көпчүлүгү тээ Биринчи дүйнөлүк согуштан бери америкалыктар менен бир катарга туруп, душмандарга каршы бирге согушуп келгенбиз. Көңүлүбүзгө катуу тийди. Мен "бул Түндүк Америка эркин соода келишимин кайра талкуулоого жардам бербейт" деп айттым. Андыктан каалабасак да, АКШ бизге кылган адилетсиз мамиленин деңгээлинде биз да 1-июлдан тартып АКШга тиешелүү тарифтерди киргизебиз.

Жастин Трюдонун бул билдирүүсү Трамп үчүн кайсы бир деңгээлде күтүүсүз болуп, ал абдан катуу ачууланганын анын жеке "Твиттеринен" байкасак болот:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

“Жастиндин калп айткан басма сөз жыйынынан улам – Канада биздин фермерлерге, ишкерлерге жана компанияларыбызга килейген тариф койгон – мен АКШнын өкүлүнө "биз Американы каптап кирген автомобилдер маселесин карап чыкмайынча “Чоң жетинин” жалпы коммюникесине кол койбосун" деп буйрук бердим”, - деп жазды Трамп.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй да Канадага кошулуп, АКШнын тарифтери жакшылыкка алып келбей тургандыгын жана Европа буга каршы тиешелүү чара көрөрүн айтты.

Эске сала кетсек, буга чейин АКШ менен Кытайдын ортосунда да тарифтерден улам талаш чыгып, бирок эки өлкө Бээжин менен Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин соода талашы боюнча макулдашууга жетишип, анын натыйжасында “соода согушуна" бөгөт коюлганы маалымдалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG