Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев биомедицинанын артыкчылыгы, 40 жыл мурун Кыргызстанда табылган «Сокулук» вирусу тууралуу айтып берди.
Даңазалуу казак чыгыш таануучусу, академик Болот Эшмукамбет уулу Көмөков агайдын мааракесине арналган кыргыз тарыхчысынын блогу.
Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Кайсы жанрдагы китептер чыгат? Элдин талабы, учурдагы окурмандын табити бул каражатты сарптоодо эске алынабы?
Акмарал Нурбек кызы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алды. Ал Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Акмарал окууда гана мыкты болбостон, комуз чертип, шахмат ойноодо да алдына ат салдырбайт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «16 миллион сомго кайсы китептерди чыгаралы?» деп элден сурады эле, түркүн тизмелерди ар ким сунуш кылды. Биз китепкөйлүк салтын жандандырууга багытталган ушул иштин натыйжалуулугу боюнча бир катар суроолорду талкуулайлы.
Тажикстан быйылкы окуу жылын 17-августта баштаганы турат. Эми тажикстандык окуучулар эрте башталган эки апта ичинде өткөн жылдагы чаласын толукташмакчы. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги коронавирустун экинчи толкуну башталып кетсе, окуучулардын жана сабактардын санын кыскартууну убада кылышууда.
КЭРдин борбору Бээжинде байырлап, «Манас» таануу жаатында белсенип эмгектенип жаткан кытайлык кыргыздардын чыгаан өкүлү Адыл Жуматурдунун бейнеси тууралуу бишкектик замандашынын блогу.
Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен эл аралык DyNed платформасы Кыргызстандын туш тарабындагы 20 англис тилчи мугалимди окутууда.
Австралиядагы жана Ала-Тоодогу тоо-кен компаниялары тарыхый мураска жана экологияга кайдыгер мамилеси үчүн кескин сынга кабылууда. ЮНЕСКО аркылуу заттык жана заттык эмес маданиятты, тарыхый мурасты сактоо урааны чакырылып келет. Кыргызстандыктар да бул кыймылга үн кошууда. Тарыхчынын блогу.
Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Алия Рысбекова жасалма интеллектти изилдеген "DeepMind" компаниясына ишке өттү.
Пандемия токтобой жаткан кезде көпчүлүк өлкөлөрдө окуу жылынын башталышы менен балдар мектепке кантип кайтат деген маселе баш ооруга айланды.
Лейлек районунун тургуну Элдор Далиев Баткенде туруп эле онлайн түрдө Иорданиядан билимин жогорулатууда.
Дагы жүктөңүз