Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Баткенде жашап, чет өлкөдө окуган Элдор


Элдор Далиев аралыктан окуу учурунда.
Элдор Далиев аралыктан окуу учурунда.

Лейлек районунун тургуну Элдор Далиев Баткенде туруп эле онлайн түрдө Иорданиядан билимин жогорулатууда.

Ал баш кеңсеси Оман шаарында жайгашкан «Generations for Peace» уюмунун окуу борборунун «графикалык дизайн» боюнча онлайн курсунда беш айдан бери аралыктан окуп жатат. Элдор кесиби боюнча мугалим. Исфанадагы мектептердин биринде тарыхтан сабак берет. Ал элетте туруп чет өлкөдөн билим алуу оңой деген пикирде.

Элдор кесибинен сырткары компьютердик дизайнга, графика жасоого, видео жана сүрөт монтаждоого кызыгат. Ал бул багытта билим алыш үчүн көп аракет кылган менен Баткенде ылайыктуу окуу борборун таба алган эмес. Баш калаага келип окууга чамасы да, убактысы да жок. Ушундан улам ал Интернет аркылуу окууну чечкен.

«Менин окуп калышыма эрмегим себеп болду. Мен өзүм мектепте сабак бергенден сырткары «Generations for Peace» уюмунда ыктыярчы да болуп иштейм. Бул уюмга ыктыярчы болушума Бахрам Рахманкулов ага себепчи болгон. Ал Баткен шаарындагы «Толеранттуулук фондунда» эмгектенет.

Былтыр октябрь айында мен Иорданияга барып, спорт жана маданият аркылуу тынчтыкты куруу боюнча окуп келдим. Ошол учурда бул уюмдун окуу борборунун мугалимдери менен таанышкан элем. Компьютердик дизайн жана графика боюнча сабактарды өтүшөт экен. Мен алардын окуу курсуна кызыгып калып, аралыктан болсо да окууну чечкем. Окууга 400 доллар төлөдүм. Мартта сабактар башталды. Азыр график дизайн боюнча онлайн билим алып жатам. Анын ичинде: адоб фотошоп, адоб илюстратор, социалдык тармактардын, сайттардын дизайнын жасоону үйрөнүп жатам.

Онлайн окуунун жакшы жери - өзүң каалаган убакта окусаң болот. Мугалимдер бизге видео сабактар аркылуу тапшырмаларды берип турат. Биз аны өз убагында аткарып, кайра жөнөтүп турабыз».

Элдор аралыктан окуп жатып эле 100гө жакын атайын видео сабактарды да жасап чыккан. Жасаган эмгектери карантин учурунда жакшы жардам болгонун айтат. Апрель айынан баштап ал өз алдынча окуучулары үчүн видео сабактарды жасай баштаган. Ал тургай кесиптештерине да видео сабактарды түзүүгө, монтаждоого жардам берген. Ушундай эле сабактарды жасап «YouTube» каналына бөлүшкөн. Көп өтпөй өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган мугалимдерден кайрылуулар түшө баштаган.

«"Заманбап мугалим" онлайн курсунда 1000ден ашык мугалим окуп, тажрыйбасын жогорулатты. Алар көбүнчө «Zoom» платформасын колдонуу, «Power Point» программасы аркылуу слайд-шоу жасаганды, видеону монтаждоо, телефон менен видео монтаждоо, онлайн тесттерди түзүү, «YouTube», интернет-почта аркылуу иштөө боюнча үйрөнүштү. Карантин учурунда бул курска суроо-талап көп болду. Көбүнчө онлайн окууну каалаган мугалимдер кайрылып жатышты. Өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинен Бишкектен да мугалимдер сабактарды сатып алышты».

Элдор видео сабактарды кыргыз жана өзбек тилдеринде жасайт.

Мындан сырткары ал «YouTube» аркылуу иштөө, социалдык тармактар аркылуу ишкердикти өнүктүрүү тууралуу да видео сабактарды жасап келет. Бүгүнкү күндө анын онлайн окуу борборунда 100гө жакын киши аралыктан окуп жатат.

«Бул башында хобби болчу. Азыр онлайн окуу борборго айланды. Элестетсеңиз, айылда өзүңүздүн үйүңүздө отуруп эле чет өлкөдөн билим алып, ошол эле учурда аны башкалар менен бөлүшүп, акча тапсаңыз болот. Мисалы, карантин башталып, мектептер аралыктан окууга өткөндө: «Кантип онлайн окуйбуз?» деген суроо жаралды. Биз бир видеону көргөндө эле мугалим аны түшүнүп, өзү аткарып, видео тартып, монтаждаса боло тургандай оңой кылып, кыргыз тилинде 100гө жакын видео сабактарды жасадык. Анан ар бир сабакты ирети менен мугалимдерге жөнөтүп, окутуп турдук. Алардын жетишкендиктерин көрүп сүйүнүп жатам. Мисалы, биздин заманбап технологияларды колдонуу боюнча курста окуган айрым мугалимдер мыкты мугалим аталып, сыйлык алгандары да болду».

Азыр Элдор онлайн окуу борборунда орус тили боюнча да сабактарды киргизди. Ал апасы экөө чогуу видео сабактарды жасап чыккан. Учурда бул курста айылдардагы жаштардан тартып Орусияда иштеп жаткан мигранттар да окуп жатышат.

«Орус тили боюнча онлайн курска Орусияда иштеген мигранттар жазылып, аралыктан окуп жатышат. Алардын арасында аялдар басымдуулук кылат. Жакшы жери - ар бир окуучу качан жана канча саат окуй тургандыгын өзү пландап, анан бизге жөнөтөт. Көбүнчө жалгыз окууну каалагандар көп. Бир сааттык окуунун баасы 100 сом. Онлайн курста окуп жаткандардын арасында мектеп окуучуларынан тартып пенсиядагы ардагерлер да бар.

Окуп, өзүңдү өзүң өнүктүрүүдө эң башкысы каалоо болуш керек. Компьютер менен ноутбуктун деле кереги жок. Болгону жакшы телефон болсо жетиштүү. Болгону азыр айрым айылдарда Интернет начар болуп, тоскоолдуктар жаралууда. Бирок башка аймактарда мобилдик Интернет жакшы иштеп жатат. Негизи эле аралыктан окуу көп убакытты жана каражатты талап кылбайт. Мисалы, борбор шаарга же чет өлкөгө барып билим алыш үчүн жол киреге, жатаканага, тамак-ашка көп каражат кетет. Ал эми онлайн окуу менен чыгаша үч-төрт эсе аз болот. Бул айылдагы жаштар, айрыкча үй кожойкелери үчүн жакшы мүмкүнчүлүк».

Тарых мугалими Элдор өз хоббисин киреше алып келчү булакка айландырды. Иорданиядагы окуусу бүтсө ал дагы башка чет өлкөлөрдөн онлайн окуп, тажрыйбасын жогорулатууну көздөп жатат.

Онлайн видео сабактарды сатуу дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө кеңири тараган. Адистер Кыргызстанда бул тенденциянын өнүгүшүнө карантин түрткү бергенин белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG