Байыркы адамдын жаңы үлгүсү табылды, ал мындан 7200 жыл мурун жашаган. 1000ден ашуун балага жасалган тажрыйба тамеки түтүнү менен дем алган наристелер тез карышарын аныктады. Кан басымы жогору адамдардын саны акыркы 30 жылда 1,28 миллиардга жетти. “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.
Кыргызстанда билим алып жаткан пакистандык студенттердин жашоосу кандай? Кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Кыргыз коомунан, мамлекеттен эмне күтүшөт?
Бегай Жунусалиева 10 жылдан бери Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектепте физика сабагынан мугалим болуп иштейт. Ал кесибин сүйүп, балдарды окутуудан ырахат алганын айтканы менен тапкан айлыгы төрт баласын багып, өстүрүүгө өп-чап жетип жаткан убак.
Кыргызстанда жыл сайын 30дан ашуун киши илимдин докторлугун жактайт, 200дөйү илимдин кандидаты болот.
Польшада куруучулар кара тумоодон каза тапкандардын көрүстөнүн кокусунан таап алышты. Климаттын өзгөрүшүнөн улам жоголуп кетиши мүмкүн делген өлкөлөрдүн аты аталды. Тарыхый окуялардын жүрүшүн өзгөрткөн Манцикерт беттешинин орду аныкталды. "Азаттыкта” бул жумадагы илим жаңылыктары.
Кыргызстанда он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясынын жаңы академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү да шайланды. Шайлоо бул тармакка болгон коомдогу сын-пикирлерди күчөттү. Илим эски система менен калып, өнүгүү жок деп сындагандар болууда.
Пифагор туулганга чейин миң жыл мурун эле вавилондуктар "пифагордук үчтүк" формуласын колдонушканы белгилүү болду. Пандемия балдардын көрүүсүнүн начарлашын шарттады. Суу алдында калган байыркы шаарга таандык себеттер жана жер-жемиштер табылды. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.
Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо өттү.
5-августта Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо өткөнү турат.
Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо алдында интрига күчөдү.
Дагы жүктөңүз