Тажикстандын Ховалинг аймагында мыйзамсыз курулган мечиттерди үй-жайы жок, жаш үй-бүлөлөргө турак жай катары беришүүдө. Учурда эч кандай уруксат алынбай курулган беш мечиттин имаратына он үй-бүлө киргизилди.
Кыргызстандын күч органдары соңку учурда Сирияга кыз-келиндерди да азгыруу аракеттери байкалганын билдирип, ата-энелерди жоопкерчиликке чакырууда.
Бишкектин Горький сейил багында франциялык “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын карикатураларына каршы “Мен Шарли эмесмин, мен Мухаммед пайгамбарды сүйөм” деген аталышта тынч митинг болуп өттү.
Бишкектеги Горький сейил багында “Мен Шарли эмесмин, мен Мухаммед пайгамбарды сүйөм” аттуу тынч митинг өттү. Анын катышуучулары Франциядагы сатиралык “Шарли Эбдо” журналы менен Батыш өлкөлөрүн мусулмандардын сезимине ойноп, диндер ортосунда чагым жасап жатат деп айыпташууда.
Өткөн жумада Франциядагы сатиралык журналга жасалган чабуулдун эпкини дагы деле болсо сууй элек. Дүйнө мусулмандары тарабынан бул окуя ар түрдүүчө чечмеленүүдө.
Социалдык тармактарда 13-январда бешиктен эми бели чыккан согушкер бала «орус тыңчылары» делген эки кишини атып өлтүргөнү тартылган тасма жарыяланды. Ал "Ислам мамлекети" уюшмасы мурда тараткан тасмадагы машыгып жаткан казак балакайлардын бири деп болжолдонууда.
Негизинен Сирияга тартылгандар өлкөнүн түштүк аймактарында басымдуу болуп келгени белгилүү. Айрым маалыматтарга караганда азыр башка аймактарда да кулач жайганы айтылууда.
21 жаштагы Оштун тургуну Стамбул аркылуу Сириядагы согушка 60 кыргыз жаранын өткөргөн деген шек менен сурак берип жатат.
Тажикстандын Жогорку Соту салафизм диний агымынын ишмердигин экстремисттик деп тапты. Өлкөдө бул агым кыянатчыл максатты көздөйт деп, интернет сайты да жабылды.
Франциядагы "Шарли Эбдо" журналынын редакциясына кол салууну айыптап, бир катар диниятчылар билдирүү таратышты. "Азаттык" кандуу окуя тууралуу ислам аалымы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун пикирине кызыкты.
Дагы жүктөңүз