Шайлоону утурлай үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Талапкерлердин кээ бирлери кудайды ортого салып ант ичишсе, айрымдары мечиттен үмүт кылып жаткан чагы.
Ажылык сапар үчүн Кыргызстанга алгач 3685 квота бөлүнгөн. Кыргыз тараптын кошумча орун берүү өтүнүчүнөн кийин Сауд Арабия дагы 500 квота берди.
Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургуну Сирияда жаңжалда ок тийип, жарым өпкөсүнөн айрылган. Учурда анын аракетине укуктук баа берилүүдө.
Кыргызстандын түштүгүндөгү диний абал кыйладан бери күч органдарын кооптондуруп келүүдө.
Жалал-Абад облусунда сабак учурунда жума намазга барган окуучуларга карата чара көрүлөт. Облус бийлиги намазды шылтоолоп, кызмат орундарын иш учурунда таштап кеткен кызматкерлерди да көзөмөлдөгөнү жатат.
Кыргызстанда экстремисттик кылмыштарга аралашып кармалгандардын ар бир төртүнчүсү аял. Кыз-келиндерди радикал уюмдарга тартуу аракети жылдан жылга күчөй баштады.
“Ыйман” фонду аркылуу имамдарга ай сайын 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин стипендия түрүндө маяна бериле баштады. Cтипендия алгачкылардан болуп аттестациядан өткөн имамдарга ыйгарылды.
Мурдагы муфтий, диний аалым Чубак ажы Жалилов “Азаттыкка” курган маегинде келаткан шайлоого катышпай тургандыгын, абройлуу дин адамдарынын саясатка аралышуусу мамлекет үчүн опурталдуу экенин айтты.
Муфтият жиберген комиссия эки күндөн бери Ош облустук казыятын текшере албай жатат. Буга текшерүүчүлөрдүн жолдомосундагы так эместиктер себеп болууда.
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы дин кызматкерлерине интернет-технологияларды пайдаланууну үйрөтүүгө киришти.
Исламга берилип жоолук салынып жүргөн аялды түштүк тарапта "атынча" деп аташат. Атынчалар өз укуктарын коргоо, кайрымдуулук жана келин-кыздарды турмушка даярдоочу коомдук уюмдарды түзүшкөн.
Өзбекстанда сакалчандарды текшерүү башталды. Ички иштер кызматкерлери жаштарга сакал-мурутту кырып, чаарбаштыктан оолак жүрүүнү эскертүүдө.
Дагы жүктөңүз