Парламенттик шайлоонун алдында мечиттер менен дин кызматкерлерин саясий өнөктүккө тартууга тыюу салынат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев "Азаттыктын" 2х1 форматындагы видео-радио маегинде Кыргызстандагы диний радикализм коркунучтары, динди саясатка аралаштыруудагы тобокелчиликтер, исламдын кыргыз моделин түзүү аракеттери тууралуу пикирлери менен бөлүштү.
Премьер-министр Темир Сариевдин мусулман кийим-кече, хижаб тууралуу айткандары диний чөйрөдө талкууга жем таштады.
16-июлда Бишкектин эки жеринде өткөн террорчуларга каршы операция көптөгөн суроолорду жаратты. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү күдүк жараткан жоромолдорго жооп издеди.
Пакистандын Жогорку Соту Асия Бибини өлүмдөн куткарып калышы мүмкүн. Дини тарса аял Мухаммед пайгамбарга акарат келтирген деп айыпталып, 2010-жылы өлүм жазасына тартылган болчу.
Улуттук коопсуздук комитети Бишкекте террорист деп шектелген топ тууралуу расмий маалымат таратты. Аталган кызматтын билдирүүсүндө куралчандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экени айтылат.
Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында да айт намазы окулду.
Муфтияттын чечими менен Кыргызстандын бүт аймактарында айт намаз саат 6дан 10 мүнөт өткөндө башталды. Орозо айтка байланыштуу 17-июль өлкөдө дем алыш деп жарыяланган.
Борбор калаадагы айт намаз учурунда бир жаран эс-учун жоготту. Медицина кызматкерлеринин көмөгү менен жаранга ыкчам жардам көрсөтүлдү.
Муфтияттын чечими менен Кыргызстандын бүт аймактарында айт намаз саат 6дан 10 мүнөт өткөндө башталды. Бишкектеги намаз эски Ала-Тоо аянтында окулду. Ага болжол менен 10 миңден ашуун адам келген. Орозо айтка байланыштуу 17-июль өлкөдө дем алыш деп жарыяланган.
Талас: мүрзөнүн жери талашка түштү
Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов кабарлагандай, 13үнөн 14-июлга оогон түнү "Кадыр түндү" тосуу үчүн облустагы жума намазы окулуучу мечиттерге эң азы 150-200, ири мечиттерге эки жарым-үч миңден эл чогулган. Ош облусунда жалпы 822 мечит бар. Анын 182си жума окулуучу ири мечиттер деп эсептелет.
Дагы жүктөңүз