Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган.
Дин чөйрөсүндө Ноорузду майрамдоо керекпи же жокпу деген суроолор кызуу талкууланып келет. "Азаттык" мына ушул маселенин тегерегинде талкуу уюштурду.
Бүгүн Бишкекте Жалпы кызыкчылыктарды издөө (Search for Common Ground) бейөкмөт уюму уюштурган "Ислам жана тынчтык" интеллектуалдык оюну өттү. Оюнга өлкөнүн жети дубанынан келген жаштар, аялдар, имам-молдолор жана ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Дүйнөдө диний радикализмге бөгөт коюу үчүн мусулмандар арасында билимди өркүндөтүү зарыл. Мындай пикирин Брюсселде өтүп жаткан “Экстремизмге диалог жана билим аркылуу туруштук берүү” конференциясынын катышуучусу теолог Кадыр Маликов билдирди.
Кыргызстанда атынчалардын эле эмес, эркек аалымдардын дарсын угууга ынтызар ислам жолундагы аялдардын саны өскөнүн байкоого болот.
Кыргызстанда руханий өксүктү толтуруу жолун динден издеген кыз-келиндер арбыды. Муну атынчалардын эле эмес, эркек аалымдардын дарсын угууга ынтызар ислам жолундагы аялдардын саны өскөнүнөн байкоого болот. Ушу тапта диний аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун дарсын угууга жума сайын 300-500 чам
Муфтият тарабынан жүргүзүлгөн аттестациядан 800 имам жана казыят кызматкери өтпөй калды. Ал эми 71 медресе бар болсо, анын ичинен 66 медресе мүдүрү аттестацияга киргизилген эмес.
Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында шарияттын шартына ылайык жашаган такыба мусулман Арсланбек Жоомартов үй-бүлөсү менен дарегин таптырбай кеткенине эки жылга айланып баратат.
Өткөн айдын аягынан тарта Кыргызстандагы диний билим берген медреселер, алардын жетекчилери менен кызматкерлерин аттестациялоо жүрүп жатат.
Өзбекстандын Фергана облусунун 11 тургуну тыюу салынган диний уюмга катышы бар деген айып менен кармалышты. Мурдараак Ташкентте да ондон ашуун киши ушундай эле айып менен торго салынган.
24-февраль күнү Кыргызстандын медреселеринде иштеген имамдар аттестациядан өтүп баштады. Аларга диний жана светтик суроолор берилип, сабаттуулугу текшерилет. Иш-чара бир айга созулат.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ислам багытындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн 90дон ашык пайызы аттестацияга кирбей калганын билдирди.
Дагы жүктөңүз