Атактуу пакистандык ырчы Эмжад Сабри өткөн аптада Карачи шаарында атып өлтүрүлгөнүн полиция теракт деп сыпаттады. Кыянатчыл иш үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды.
Баткенде Жогорку Кеңеш, жергиликтүү бийлик, дин өкүлдөрү, диний мекемелерде билим алып жаткан кыздар талкуу уюштурду. Жыйында негизинен жалпы жана кесиптик билим берүү, диний билим алган кыздардын орду айтылып, орто мектептерде диний сабактарды киргизүү маселелери көтөрүлдү.
Күн сайын дүйнөнүн кайсы бир бурчунда жанкечти чабуул жасаганы тууралуу жаңылыктар чыгат. Эркектер гана эмес, аялдар, өспүрүмдөр да дин жолунда деген ишеним менен өз жанын кыйууда.
Быйылкы жана былтыркы Рамазан айы күндүн ысык аптабына туш келип олтурат. Мындай күндөрдө орозо тутуунун кандай артыкчылыктары бар жана ошол эле учурда тобокелчиликтери кандай? Мусулманчылыктагы ыйык парзды өзүнүн шааниси менен, ден соолукка зыян келтирбей кармоонун жол-жобосу кандай? Бул күндөрү
Жек көрүүчүлүктөн келип чыккан террорчулук.
Кыргызстандыктар арасында диний ишеним менен жарандык жоопкерчиликти айкалыштырууну калыптандыруу, билим менен саясий маданияттын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилди. Мындай аракет тезинен көрүлүшү керектигин жума намаз окуу үчүн түшкү эс алуу убактысын узартуу мыйзам долбооруна байланыштуу социалдык тармактардагы кайым айтышуулар айгинеледи.
Алмазбек Атамбаев өлкөнүн светтик мүнөзүн бузууга жол берилбей турганын жана дин ишмерлеринин саясатка кийлигишүүсүнө каршылыгын билдирди.
Жогорку Кеңеш депутаты менен мурдагы муфтийдин жума намаз күнү дем алуу убактысын эки саатка узартуу боюнча мыйзам долбоорунун тегерегинде социалдык тармактарда кайым айтышуу, анын артынан башталган коркутуп-үркүтүүлөрдүн мамлекет коопсуздугуна тийгизген кесепети болушу мүмкүнбү?
Кыргызстанда жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка чейин узартуу демилгесинин айынан Аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаев кайым айтышты.
Өзбекстанда орозо айы эл чакырып ифтар өткөрүүгө тыюу салуу менен башталды. Кафе-ресторандарда ифтар уюштурууга чектөөнү өзбек муфтияты жогору бийликтен суранганын ачыкташты.
Бишкекте уюштурулуп келаткан социалдык бийлер кечесинин эки күн мурда өткөн акыркысы социалдык тармактарда талаш-тартыштар менен коштолгон талкууга жем таштады. Бийге каршы болгондор ачык асман алдында уюштурулган иш-чараны светтик исламофобдордун кылганы деп, аны токтотууга аракет кылышты.
Дагы жүктөңүз