Крымда татарларынын үйүн тинтүүдөн кийин беш киши кармалды. Орусия аннексиялап алган жарым аралдын жашоочулары терроризмге айыпталууда. Кармалгандардын адвокаты буга орус бийлигинин татарларды ийге келтирүү аракети деп баа берди.
Парламент депутаты Болотбек Ибраимжанов мечиттерде айтылган азан, эс алуу жайлардагы музыка шаардыктардын тынчын алганын айтып чыкты.
Парламент турмуш курууга жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Эл аралык кризис тобу (ICG) Кыргызстанда коррупциядан жана мамлекеттик органдардын алсыздыгынан жаралган боштукту диний уюмдар, айрым учурда радикалдуу топтор толтуруп жатканын билдирди.
Татар ырчысы мечиттин жанынан тартылган клиби үчүн динчилдерден кечирим сурады. Ачык кийинип, чыгыш бийин бийлеген Резеда Ганиуллина “Аллахтын үйүнө” акаарат келтирди деп айыпталууда.
Нью-Йорктогу мода жумалыгында 2017-жылдын жазгы коллекциясын көрсөтүүдө хижабдын түркүн түсү чыгып, тарыхта алгач ирет кийимдин бул стили дүйнөлүк мода айдыңына кирди. Ал арада Кыргызстанда хижаб кийген кыз-келиндер барган сайын көбөйүүдө.
Иран менен Сауд Арабиянын араздашуусунан улам ирандыктар быйылкы ажылык зыяратка барбай калды. Перс булуңундагы эки ири өлкөнүн жана эски атаандаштардын бул жолку тиреши эмнеге алып барат? Азербайжандагы талаштуу референдум. Оппозиция Конституциялык өзгөртүүлөрдү президент Илхам Алиевдин бийлигин бе
Жалал-Абад облустук соту Сирияга жөнөтүү үчүн кыз-келиндерди азгырган деген айып менен соттолгон эне-кыз боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.
Борбордук Азияга Ислам динин жайылтууда Ала-Бука районунда жайгашкан «Сафед-Булан» тарыхый-мемориалдык комплексинин зор орду бар. Жергиликтүү тургундардын ырастоолорунда бул тарыхый жерге жылына миңден ашуун адам зыярат кылганы келишет. Тарыхый жайдын өзгөчөлүгу байыркы заманда курулган имараттарда.
Кыргызстанда Курман айтта быйыл коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулду. ИИМдин маалыматы боюнча, коомдук тартипке үч миң милиция кызматкери көз салып, эл көп жүргөн жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев борбордук аянттагы айт намазы учурундагы куттуктоо сөзүндө президенттин саясатын сындагандарды "Кудай жазаласын" деди. Андан айырмаланып, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандарга ыраазычылыгын айтты.
Эски аянттагы Курман айт
Дагы жүктөңүз