"Азаттыктын" “Биз жана дин” берүүсүндө саясий чөйрөгө дин эмне үчүн аралашууда, жоолук салынуу сыяктуу диний маселелер эмне себептен саясатташууда, Кыргызстандагы "Таблиги жамаат", "хизметчилер" жана "салафийлер" сыяктуу жамааттар бири-бирине кандай карашат, салттуу динибиздин жана салттуу дин аалымдарыбыздын азыркы кадыр-баркы кандай деген суроолор талкууланмакчы.
Британияда радикал диниятчы тыюу салынган “Ислам мамлекети” тобун колдоого чакырганы үчүн соттолот. Анжем Чоудариге коюлган айыптарга караганда, ал он жылга чейин кесилиши мүмкүн.
Кара-Кулжа районунунда дааватта жүргөн “Йакын-Инкардын” жети мүчөсү кармалды. Эч кандай уруксатсыз Ислам динине чакырып жүргөндөрдүн арасында жашы жете элек балдар да бар экени аныкталды.
Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнуна карата өткөрүлгөн республикалык айтыштын арты ич ара нааразылык менен коштолгону коомчулукта кызуу талкууланган темага айланды.
Жаңы окуу жылынан баштап Бишкек жана Ош шаарларынын он мектебинин 9-классында Дин маданиятынын тарыхы сабагы пилоттук долбоор катары окутула баштайт.
Президент Алмазбек Атамбаев 15-августта Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматовду, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду жана “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековду кабыл алды.
Гезиттер каникулдан кайтып келе баштады.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалилов “ахмадийлер” тууралуу айткандары боюнча Ошко милицияга чакырылды.
Түркияда болуп өткөн акыркы окуяларга жана төңкөрүш кылуу аракетине байланыштуу жалгыз эле Түркияда эмес, Кыргызстанда да эки ача пикир пайда болууда.
Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастаны быйыл Бишкекте жана Стамбулда түрк тилинде жарык көрүп, анан июнь айында өзбек тилинде басмадан чыкты. Дастанды өзбек тилине акын-жазуучу Рахим Карим которгон.
Кыргызстандагы жүзгө чукул диний билим берүү мекемелеринде диний окутуунун бирдиктүү стандарттары, окуу программалары жок. Мындан улам дин иштери боюнча комиссия дин жаатындагы жогорку окуу жайлар жана медреселердин ишмердүүлүгүн иретке келтирүү үчүн атайын концепция иштеп чыкты. Бирдиктүү програ
Өзбекстандын Бухара облусуна караштуу Кара-Кол районунда 15 сопу соттолду. Илимий аталышы суфизм, кыргызча сопу деп аталган дербиштер тобунун төртөө төрт жылга эркинен ажыратылып, калгандары айып пул төлөмөй болушту. Аларга мыйзамсыз диний уюм түзгөн деген айып тагылды.
Дагы жүктөңүз