Жалал-Абадда медреседе окуган кыз-келиндерге кесип берүүгө багытталган атайын долбоор ишке киргизилди. Ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен даярдалган.
Айт намазда муфтий шайлоодо жакшы президентти тандап алууну жалпы элдин атынан тилеп, дуба кылды.
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөп жатып билим алууга, диний радикализмден оолак болууга чакырды.
Казакстанда "Диний ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору талкуу жаратты.
"Сирияга барып келди" деп соттолгон жигит "Азаттыкка" өз башынан кечирген окуясын айтып берди.
Кадамжайда имамдардын дүкөндөрдү кыдырып, соодагерлерди арак-шарап сатпоого үндөгөндүгү талкууланууда.
Диний сабырдуулукка, ар бир адамдын диний ынанымын урматтаганга кантип жетишебиз?
Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүндө спирт ичимдигин сатууга каршы иш-чара өттү. Андан элден сатылып алынган 400 миң сомдук спирт ичимдиги жок кылынды. Бул иш-чарага жергиликтүү тургундар, Ош шаардык милициясынын өкүлдөрү, айыл өкмөтү жана Ош шаарынын казыятынан өкүлдөр катышты.
Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкарды" экстремисттик агым деп тапты.
Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев бийлик көп аялдуулукка каршы экенин тастыктаганы менен бул үчүн жазалангандар сейрек.
Акыркы учурда Кыргызстанда жаштар эмне үчүн экстремисттик - террористтик уюмдарга азгырылып жатат? Өз элин таштап, бөтөн жердеги согушка кимдер аттанган? Аларды кандай максат жана күч жетелейт? Бул көйгөйдү кандай аракет токтото алат?
Бишкек шаарынын мечиттерге жакын жашаган айрым тургундары азандын үнүн азайтууга таасир көрсөтүүнү өтүнүп бийликке кайрылышты. Алар мечиттерде үн күчөткүчтөрдү көзөмөлгө алууну суранып жаташат.
Дагы жүктөңүз