Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы белгиленүүдө. Буга байланыштуу бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган.
Курман айтка карата Стамбул шаарынын тургундары тарыхый базарларда соода кылганды адатка айландырган.
Ушул күндөрү эки миллиондой мусулман Сауд Арабияда ислам дининдеги негизги беш парздын бири болгон ажылык амалдарын аткарышууда.
Арабист Теодор Шумовскийдин сталиндик доордо запкы көрүшү жана чыгармачыл мурасы тууралуу блог.
Казакстандын Актөбө облусундагы орто мектептин айрым окуучулары бирдиктүү формадан баш тарткандыгы үчүн кийинки класска көчпөй калды. Ушундай төрт окуучунун ата-энесине болсо мектеп жетекчилиги административдик айыппул салды.
Өзбекстанда июль айында бир нече мечиттин имамдары иштен алдынды. Өлкөнүн муфтияты буга молдолордун диний билиминин тайкылыгы, үлгү боло албаган жүрүм-туруму себеп болгонун билдирди.
Нарын облустук казыятына караштуу балдар медресесинде окугандар жайкы каникул учурунда ашпозчулукту жана англис тилин үйрөнүп жатышат.
Медреседе үч жыл билим алган соң окуучулар дин илимдерин окугандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болот, бирок ал күбөлүктү мамлекеттик окуу жайлар тааныбайт. Ошондуктан алардын кошумча кесипке ээ болушу зарыл экендигин бир катар диний эксперттер айтып келет.
Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке балдарын жибербеген үй-бүлөлөр текшерилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке балдарын жибербеген үй-бүлөлөр текшерилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 17-июлда Ысык-Көл районунун акимиатынын өкүлдөрү жана соцкызматкерлер бул үй-бүлө ээлерине балдардын укугун чектебей, мектепке жиберүү зарылдыгын айтышты.
“Сапат” агартуу мекемесинин тагдыры жаатындагы талкуудан чыккан ой.
Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке барбаган үй-бүлөлөргө рейд уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Райондук акимчилик жана социалдык адистер ал үй-бүлөлөрдү балдарынын укугун тебелебестен быйылкы окуу жылына жиберүүнү ата-энелеринен талап кылышты.
Дагы жүктөңүз