Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке барбаган үй-бүлөлөргө рейд уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Райондук акимчилик жана социалдык адистер ал үй-бүлөлөрдү балдарынын укугун тебелебестен быйылкы окуу жылына жиберүүнү ата-энелеринен талап кылышты.
Кыргызстанда медреселердин макамы жана алардын бүтүрүүчүлөрүнүн тагдыры талкууга алынды.
Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды.
Санкт-Петербург метросундагы жардырууга дагы бир кыргызстандык жаран айыпталууда.
Докторант Элмурат Кочкор уулунун дин таануу жана коом таануу жаатындагы блогу.
Дин жөнүндө мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр коомдун сынына коюлду.
Ош мамлекеттик университетинин теология факультети соңку төрт жылда ислам таануу жаатында элүүгө жакын китеп чыгарды. Анын ичинде диний агартуучулук, биографиялык, тарыхый маселелер боюнча фундаменталдык жана илимий эмгектер бар.
Белгилүү теолог, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов менен маек.
Бишкекте Орозо айттын алдында айрым активисттер майрамда мал союунун ордуна аны муктаждарга таратып берүү демилгесин көтөрүштү. Бишкектеги басма сөз жыйынында алар Орозо айтта мал көп союлуп жатканын билдиришти.
Бүгүн Бишкектин Эски аянтында миңдеген мусулмандар айт намазга чогулду.
Бишкекте айт намазын окуу үчүн Эски аянтка 30 миңден ашуун адам чогулду. Күбөлөрдүн айтымында, аянтка эл батпай, жол четтеринде да намаз окулду. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев башында турган майрамдык намаз саат 7-30да башталды. Ага чейин дин аалымдарынын баяндары жана куттуктоолору айтылды.
Тажикстандын ислам борбору жубайларын жыныстык катнашка мажбурлаган эркектерди айыптап чыкты. Бул боюнча коңшу өлкөнүн муфтийи атургай атайын фатва чыгарды. Өткөн жумада ушул эле муфтий болсо бокс менен эрежесиз эр урушту "арам" деп атаган.
Дагы жүктөңүз