Түрк медиасы Анкара кыргыз бийлигине "гүленчилердин" 130 кишиден турган тизмесин бергенин кабарлады.
Казакстандын мектептеринде жоолук маселеси кайра көтөрүлдү. Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолук салынып келген окуучулар сабакка киргизилген жок.
Сирияга кеткен кыргызстандыктардын үчтөн бири Араван районунун тургундары болгон. Эмнеге? Эми алар кайтып келе алабы? Жакындары эмне болду? Аравандыктар согушка кеткен коңшу-туугандарынын маселесин ачык талкуулашты.
Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети Пенжикент шаарындагы мечиттердин биринин имамын мамлекеттик гимнди жатка билбегени үчүн кызматтан кетирди. Буга окшоп аттестациядан кийин иштен бошотулган имамдар динге гимн же кайсы бир мамлекеттин символунун тиешеси жок экенин айтышууда. Тажикстандагы төрт миңге жакын имам мамлекеттик бюджеттен ар бири 100 долларга жакын айлык алат.
Бишкекте мектеп жашындагы балдардын билим алуу укугун толук камсыз кылуу боюнча кырдаал талкууланып жатат.
Ушул айдын башында АКШнын Пенсильвания штатында католик чиркөөсүндөгү жыныстык зомбулук боюнча атайын иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык Пенсильвания штатындагы католик чиркөөлөрүндө 70 жылдын ичинде 300дөн ашык католик диниятчысы миңдеген балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн же зордуктаган.
Булан институту диний ишенимден улам балдарын мектепке жибербеген ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.
Рим папасы Ирландияга болгон сапарында чиркөөдө жыныстык запкы көргөндөрдөн кечирим сурады. Эки жума мурун АКШнын Пенсильвания штатындагы католик диниятчыларынын жоруктарын изилдеп, ачыкка чыгарган Чоң жюринин баяндамасынан бери бул тема - расмий Ватикандын номур биринчи маселеси.
Интернет айдыңында, маалымат каражаттарында Кыргызстандын азыркы саясий жетекчилери динчил болуп баратканы тууралуу көп сөздөр айтылууда.
Түркиядан Кыргызстанга келип иш жүргүзүп жаткан диний топтор жөнүндө "Азаттыктын" эксперти Маметбек Мырзабаев дин таануучу Хатем Календер менен маектешти.
Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы.
Дагы жүктөңүз