Жогорку Кеңеште сессияга келбей калгандардын ордуна башка депутаттардын добуш бергени боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.
Кыргызстанда камактагы журналисттер жарым-жартылай бошотулду. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин кабарчыларга толук эркиндик берүүгө чакырууда.
Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.
Камакта жаткан журналист, Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар бар экенин Акыйкатчы институту тастыктады. Тажибек кызы абак кызматкерлеринин орой мамилесине жана алардын кол көтөргөнүнө даттанган.
Бишкекте активист Зарина Төрөкулова кайра камалып, тогуз айдан бери абакта жаткан Гүлжигит Исаков үй камагына чыкты.
Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарып, ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарды.
Кыргызстанда "Чет өлкөлүк өкүл" деп мүнөздөлгөн мыйзамдын кабыл алынышына АКШ, Евробиримдик жана айрым эл аралык уюмдар тынчсызданууда. Ал тапта президент Садыр Жапаровдун бейөкмөт уюмдар тууралуу жазганы талкууга түшүп, жарандык коом өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалоого айыптап жатат.
“Ата-Бейит” - постсоветтик чөлкөмдөгү даректүү далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын көрүстөнү. Ага бөлүнгөн жылдык бюджет айлык-акыдан, социалдык төлөмдөрдөн жана кеңсе иштеринен артпайт. Комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов тарыхый жайдын бүгүнкү абала менен тааныштырды.
Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Көз карандысыз экспертиза жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин камалышына негиз болгон видеодо "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деп корутунду чыгарды.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө чечимин дагы үч айга узартты. Тийиштүү чечим 29-мартта кабыл алынган. Укук коргоочулар Конституцияда каралган адам укуктарынын бири болгон тынч жыйындарга чогулуунун минтип чектелип келатканына тынчсызданып жатышат.
Дагы жүктөңүз