Фукушима АЭСинде бүгүн таң эртелеп үчүнчү жарылуу болду. Станциянын өзүндө жана жакынкы райондордо радициянын деңгээли жогорулады.
Дүйшөмбү күнү Жапониядагы Дайичи өзөктүк ишканасынын дагы бир реакторунда жарылуу болгондон кийин өзөктүк кризис жөнүндөгү кооптонуулар күчөдү.
Дүйнө көңүлү цунамиге кабылган Дайичи өзөктүк ишканасына бурулду. Кечээ анын 1-реакторунда жарылуу болду. Эми 3-реактордун абалы кооптондурууда.
11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышына жакын мухит тереңиндеги жер титирөө цунамини пайда кылып, бул топон суунун айынан жүздөгөн киши набыт болду.
11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышы 8,9 даражага жеткен жер титирөөнүн жана толкунунун бийиктиги 10 метрге жеткен кубаттуу цунаминин бутасы болду.
11-мартта Жапониянын түндүк-чыгышы 8,9 даражага жеткен ири жер титирөөнүн жана толкунунун бийиктиги 10 метрге жеткен цунаминин бутасы болду. Жабыр тарткандардын ичинде 1 млн калкы бар Сендаи шаарынын аймагы да бар. Reuters. 11.03.2011.