Рио-де-Жанейродо 5-августта башталчу Олимп оюндарында тарыхта биринчи жолу Качкындар курама командасы катышат. Команда ар кандай кырдаалдан улам өз өлкөсүнөн журт которууга аргасыз болгон 10 атлеттен турат.
Дүйнөлүк жайкы Олимпиадага саналуу күн калды. Бирок, ага бардык орус спортчуларын катыштырбоо керек деген талаш басылган жок. Ушуга байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитети менен Дүйнөлүк допингге каршы агенттик ортосунда кайчы пикир жаралды.
Кыргызстанда олимпиада оюндарына катыша турган күчтүү оюнчуларды даярдоо үчүн массалык спортту өнүктүрүп, спорт базасына кеңири шарт түзүү милдети турат.
АКШда Европанын мыкты футболдук клубдары катышкан International Champions Cup мелдешинин кезектеги оюндары өтүп жатат.
Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турган эркин күрөшчү Айаал Лазаревдин азиялык лицензиялык мелдештеги беттештерин көрүүнү сунуштайбыз. 125 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Лазарев ушул жылдын март айында Астанада болгон азиялык лицензиялык мелдеште коло
Орусиянын улуттук командасы 28-июлдун таңында Рио-де-Жанейрого учуп кетти. Орусия бир жылдан бери допинг жаңжалынын чордонунда болуп келатат. Акыркы күндөргө чейин алардын катышуусу күмөн болчу.
Өкмөттүн токтомуна ылайык Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарында алтын медаль жеңген спортчуга 7 миллион сом сыйлык катары берилет.
Эл аралык Олимп комитети Орусиянын курама командасы боюнча соңку чечимин кабыл алды.
Жаштарды ар тараптан өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдардын колдоосу менен түзүлгөн “Жаш Булак” лагеринин катышуучусу Арууна Канболотова Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан болот. Ал спорттун каратэ түрү менен машыкканына он жылдан ашты. Мелдештерге чыкпаса да өз ден соолугу үчүн бул спорту таштабайт.
Спорт боюнча Арбитраждык сот Орусиянын жеңил атлетчилеринин арызын четке какты. Алар баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан сотко Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимпиадага катышууга уруксат алуу үмүтүндө кайрылышкан.
Эл аралык Олимпиада комитети Орусияга каршы катаал чараларды көрүшү мүмкүн. Бул тууралуу кечээ уюмдун президенти Томас Бах билдирди.
Дагы жүктөңүз