Москвадагы мигранттардын арасынан чыккан кыргыз мушкерлер Орусияда белгилүү болуп, бул жаатта мурун алдына киши салдырбаган улуттар менен теңтайлаша мушташып келет. Москвада өз келечегин эрежесиз эр уруш менен байланыштырган 19 жаштагы Нурсултан Урматбек уулу тууралуу Лазат Жаныбек кызы баяндап бере
Акжол Махмудов Тбилисиде өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдеште дүйнө чемпиону болду. Жаш спортчу бул ийгиликке жетүүдө мамлекеттин эмес, атасынын салымы көбүрөөк болгонун айтты. Махмудов ушундай эле жол менен 2020-жылдагы олимпиада чемпиону болууну кыялданат.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери алты олимпиадага катышып, эки коло, бир күмүш медалдан башка чеке жылытарлык жеңишибиз жок. Биздин спортчулардын Олимпиадада ийгиликке жетпей жатышынын негизги себеби эмнеде? "Азаттык+" ушул суроого жооп издеди.
12-сентябрда башталган XVI Ысык-Көл оюндарына Кыргызcтан, Казакстан, Орусиядан келген миңден ашык спортчулар спорттун 19 түрү боюнча күч сынашышууда. Оюндар ШКУ жана КМШ өлкөлөр арасында спорт боюнча сапаттуу тажрыйба алмашып, спорттун деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда кыргыздар ат үстүндө ойноп, шамал менен жарышкан чабандестик өнөрүн дүйнөгө көрсөтүштү. Ал оюндарга күбө болуп отуруп ат спортунун түрлөрүнүн эң кызыктуулары көчмөн элдерине таандык деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок, тээ илгери Францияда ойлонуп табылган конкур, кыргызча айтканд
Допингге каршы дүйнөлүк агенттик - WADAнын компьютердик серверлеринен уурдалган документтердин экинчи топтому жарыяланды. Бул эл аралык уюм хакердик чабуулдун изин Орусия менен байланыштырууда.
Жалал-Абад облусунда жетинчи жолу өтүп жаткан спартакиадага 150гө чукул спортчу катышууда. Уюштуруучулар кийинки жылы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы майыптар арасында параолимпиада мелдешин өткөрүүнү пландоодо.
II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун эң кызыктуу бөлүгү көк бөрү болду. Мында Кыргызстан менен Казакстан курама командалары биринчилик үчүн ат салышты. Натыйжада Кыргызстан командасы казак командасын утуп алып, бул оюн келгендердин назарын бурду.
Кыргызстан - Филиппин футбол курамаларынын беттешинде учурда 1:2 эсебинде филиппиндиктер утуп жатат.
Өткөн жумадан бери Кыргызстандын Ысык-Көл жергесинде өтүп жаткан Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көпчүлүктү шыктандырууда.
Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот.
Кыргызстан менен Казакстандын курамаларынын жолдоштук беттешинде кыргыз футболчулары атаандаштарын 2:0 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул жолдоштук беттеш Эгемендиктин 25 жылдыгына карата уюштурулган.
Дагы жүктөңүз