Айсулуу Тыныбекова өлкөнүн спорт тарыхындагы жаңы баракты жазган эң ийгиликтүү спортчу жана анын өрнөгү миңдеген кыздарды шыктандырып, кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстан дүйнөдөгү күчтүү мектепке айлана алды.
Акжол Кыргызстандын күрөш мектебин дүйнөгө даңазалап, спорт тарыхынын жаңы барагын ачкан балбан. Акжол Махмудов бул ирет олимпиаданын алтынын алганга жан үрөйт.
Эрлан Шеров кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп, Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу. Ал Париж олимпиадасында 31-июлда дзюдодон 90 килограммга чейинки салмакта күрөшөт.
Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 50, 100 жана 200 метр аралыктарда Азиянын төрт жолку чемпиону. Быйыл үчүнчү жолу Олимпиада оюндарына катышкан турат. Ал 27-июлда Париж олимпиадасында сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгат.
Мээрим Жуманазарова акыркы беш жылда дүйнөгө ысымын таанытып, кыргыз күрөшүнүн алтын доорун жараткан балбан кыздардын бири. Ал олимпиада оюндарына экинчи ирет катышканы турат. Мээрим 5-августа кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм саламакта килемге чыгат.
Олимпиаданын узак тарыхында миңдеген спортчулардын ысымы жазылып калды. “Азаттык” кыргыз спортчуларынын олимпиада оюндарындагы ийгилиги жөнүндө урунттуу маалыматтарды топтоду.
Париж үчүнчү жолу тарыхта Олимпиаданы кабыл алганы жатат. 26-июлдан 11-августка чейин спорттун 32 түрү боюнча жарыштарга күбө болобуз. Буга чейин акыркы ирет оюндар француз баш калаасында туура 100 жыл мурда өткөрүлгөн.
Парижде 26-июлда баштала турган жайкы Олимпиада оюндарына кыргызстандык 16 спортчу жөнөгөнү жатат. Алар оюндардан ийгилик менен кайтууну максат кылууда. Курама командага артылган үмүт кандай жана ал канчалык деңгээлде аткарылат?
Олимпиадага даярдык, балбандар канча медаль утууга мүмкүнчүлүктөрү бар, өлкөдөгү күрөштүн келечеги жана башка маселелер боюнча суроолорго Кыргыз Республикасынын бириккен спорттук күрөш федерациянын президенти Мелис Турганбаев жооп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өз арызы менен мандатын тапшырды. Украина орус армиясынын катарында согушуп, туткунга түшкөн кыргызстандыкты Орусияга өткөрүп берди. АКШ президенттигине кайрадан аттанган Дональд Трамп Украинадагы жана Газадагы согушка чекит коюуга убада берди.
Израилдин аба соккуларынан Газада соңку суткада дагы 60тан ашуун киши каза болгону кабарланды. Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аялдын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Президент Садыр Жапаровдун иниси жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шектелип кармалды.
Он күндөн кийин 26-июлда Франциянын борбору Париж шаарында Олимп оюндары башталат. Бул ирет Кыргызстандын намысын он алты спортчу коргогону турат. Бул ирет Олимп оюндарына даярдык, медал утууга мүмкүнчүлүк, өлкөдө спорт тармагындагы маселелерди талкууладык.
Дагы жүктөңүз